РАИМ МИЛЛИОНДУН “КУЛАГЫ” ӨЗБЕКСТАНДАН ЧЫКТЫ

2020-жыл жаңыраары менен Раим Матраимов Ташкентке барып келиптир. Кыргызстандык коррупционерди Өзбек президенти Мирзиеевдин мамлекеттик коргоо кызматы (госохрана президента Мирзиеева) төшүнө колун кармап ийилип тосуп алыптыр. Неге дебейсиңерби? Ташкенттин чок ортосунда Москвадагы Москва-Ситидей 100 гектар жерге Ташкент-Сити шаарчасы курулуп жатыптыр. Биздин башкы “уурубузга” инвестор катары ошол Ташкент-Ситиден жер бөлүнүп берилиптир.
Эми Матраимов ал жерге бизнес-борборун курабы же соода тармагындагы имараттарды тургузабы, иши кылса баасы миллиондогон долларлар турган асман тиреген имараттарды, үйлөрдү курганга белсениптир. Кайсы акчасына дейсиңер? Ошол эле баягы Кыргызстанга кирип жаткан бардык товарлардан
түшө турган салыктан, мамлекеттин эсебине түшпөй калып, Раим акебиздин чөнтөгүнө кетип жатат делген акчалардын эсебинен курат да.Башка кайсыл акчага курат эле? Бизнеси жок, жашынан мал байлап саткан орто байда миллиондогон долларлар кайдан болсун? Буга биздин кесиптештерибиздин журналисттик иликтөөлөрү далил.
Раим Матраимовтун Ташкентке болгон сапары ушак эмес. Бирок, бул маалыматты далилдей албайбыз. Анткени, Раим кайсы жерге барбасын аны менен жолуккандардын чөнтөк телефондору алынып, бир да адам сүрөткө же видеого тартып ала албай тургандай кылынганы жаңылык эмес. Ал эле эмес, Раим Кыргызстанда өзү түзгөн “мафия” менен жолукканда да эч бир адамды чөнтөк телефону менен киргизишпейт дешет. Жалган дегендер далилдериңерди
жазгыла. Бирок, маданияттуу сөздөр менен жана аргументтерди келтиргиле-деп Факт.кж гезити жазып чыкты.


Сиздин пикир