Дастан Бекешев: “Жаңы баш мыйзамга баарыбыз каршыбыз”

-Жаңы  мыйзамга жалгыз сиз каршы болуп жаткандайсыз. Андагы  эң көйгөйлүү  маселе  эмнеде?

-Чынын айтсам жаңы баш мыйзамга мен эле жалгыз каршы болгон жокмун. Бул жакта  көп эле депутаттар каршы болуп жатышат. Биздин партиядан алты киши каршы чыкты. Бирок башкалардан караганда мен бул позицияда катуураак турам.

-Өлкөдө  мыйзамсыздык жана башаламандык болот дедиңиз. Бул тууралуу коомго так маалымат бере кетесизби?

-Конституция азыр кабыл алынса,  анан биз көрөбүз  кандай болот экенин аягы. Мыйзамсыз иштер болот дегеним, бүгүн эле көрдүңүз өлкөдө абал кандай экенин.

-Кийинки  парламенттик шайлоого  аттанасызбы?

– Жетинчи чакырылышка барамбы барбаймбы азыр белгисиз. Убакыт көрсөтөт.

Маектешкен Айпери Осмоналиева

Булак:argument.kg


Сиздин пикир