Кыргызстанга үч өлкөнүн лидерлери келе турганы белгилүү болду

Ушул жылдын жаз айларында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий сапарлары болот. Ошондой эле 1-мартта РОссиянын президенти Владимир Путиндин келери күтүлүүдө.

Бул тууралуу  президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алганда белгилүү болду.

Министр Чыңгыз Айдарбеков алдыда боло турган дүйнөлү лидерлердин визити боюнча министрлик кандай даярдык көрүп жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Булак: Калыс Медиа 



Сиздин пикир