Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү: “Матраимов коррупционер болсо Атамбаев эмне өзү жети жыл калкалап, камыр-жумур иштешти?”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Раим Матраимовдун доо арызын карап, аны канааттандырды. Тактап айтканда, буга чейин Р.Матраимовду Сапар Исаков мыйзамсыз кызматтан алганы тастыкталды. Ал арада экс-президент Алмазбек Атамбаев туталанган билдирүү таратууга үлгүрдү. Бирок, АШАнын бул аракети майнапсыз болуп, өзүнүн кадырына дагы доо кетиргени белгилүү боло баштады. Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өз пикирин социалдык баракчасы аркылуу билдириптир. Аны окурман журтчулугуна сунуш кылабыз: — Атамбаев деген Райым Матраимовду калкалап, чаң жугузбай жети жыл бөпөлөп, а түгүл кызматтан чоңойтуп келгенин эмне деп түшүндүрөт болду экен? Илгери «… кепшегенин билип, жутканын билбей калдыбы?» — деп коюшчу эле. Менин жеке оюмда Атамбаевдин былтыр Исаковго айтып Матраимовду кызматтан шашылыш кетиргени бир эле нерсеге, акчага байланышкан. «Сокеге барбай эле кой, мындан ары Сапар менен иштешесиң, ошого салам-дуба менен кирип тур» — десе ынабай койгон го сыягы… жаңы Президентти кантип тааныбай койом дегендей кылып… Анан адатынча ооздон көбүк чачып, жер сабап жатып калды да… Эмне кылсын бечара… Азыр кайра-кайра «Матраимов коррупционер» деп айкырганына ишениш кыйын… Анда эмне өзү жети жыл калкалап, камыр-жумур иштешти деген суроо жоопсуз калып жатпайбы… Же кызматтан кетерине беш күн калганда көзү ачылганбы Атамбаевдин???

Аргумент.kg
Жооп калтыруу