Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Мурунку ажонун жеке кызыкчылыктары оркоюп көрүнүп калды”

Президент Жээнбековду кай бир маселелер боюнча “ийге келтирүү аракети” болуп жаткандай го дейм, — Э. Каптагаев

— Атамбаевдин менчик телеканалына берген маегинде Атамбаевдин элдешүүгө аракет жасаганы байкалдыбы?

— “Элдешүүгө аракет” дегенди көрө алган жокмун, Атамбаевдин кечеги сөзүнүн төркүнүн карасак ал “сүйлөшүүгө аракет” кылганы көрүнүп турат, Президент Жээнбековду кай бир маселелер боюнча “ийге келтирүү аракети” болуп жаткандай го дейм.

Атамбаевдин ал аракетине президент реакция кылып, жумшарышы мүмкүнбү?

— Сүйлөшүүгө дагы, анын жыйынтыгы катары жумшарууга дагы азыр эч кандай негиз жок го дейм. Анткени Атамбаев өзүнүн элге, мамлекетке кылган кыянаттыгын моюнга алууну ойлоп да койгон жок, кечээ көрбөдүкпү аны.

— Мындан аркы мамиле кандай багытта өнүгүшү мүмкүн?

— Мыйзам чегинде, коом үчүн ачык мамиле эле дурус болот,  жабык жолугушуу же жабык сүйлөшүу президенттин аброюна шек келтирет.

Атамбаев “мыйзамсыз баюу” деген беренеге илинип калбаш үчүн элдешүүдөн кеп козгоп жаткан жокпу?

— Кандай болгон күндө дагы «элдешүү» аракетинин артында Атамбаевдин жеке кызыкчылыктары көп экенин кечеги маегинде көрдүк го.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. kg гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу