Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: «Атамбаев элге аралашам десе президент Жээнбековдон кечирим сурасын»

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, белгилүү коомдук ишмер, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы санаалашы Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына АШАнын элге кайра аралашуусу үчүн кандай талаптар коюларын жазды. Аны биз окурман журчулугуна өзгөртүүсүз сунуш кылабыз. Бүгүн бир аксакал авам: — …Байкуш Атамбаевге боорум ооруп атат, көчмөндөр оюнуна да чакырылбай калыптыр, эми эптеп бир ылаажысын таап кайра элге арлашса болбойбу…? — дейт. — Болот, бир жолу бар… — дедим. — Болсо ыгын таап айтып койбойсуңбу ага, башы дос элеңер го… Журт башы болуп жүргөн киши үйдө отуруп калганы жаман, деги эле кишинин элден бөлүнүп калганы жаман… Баякүнү Жээнбеков менен Отунбаеванын чогуу жүргөнүн телевизордон көрдүм… Ошол жерде Атамбаев да болуп, чогуу болушса жаман болбойт эле да… Кыргызстандын үч президенти биргелешип, акылдашып иш кылып жатыптыр деп башка элдер да суктанмак бизге — дейт. — Ооба ава, суктанмак…

Бирок,тилекке каршы, кылгылыкты кылып, аркасынан шатырата чычып кеткен Атамбаевдин өзу болду да, Отунбаевага да өзү асылбадыбы, Текебаев, Чотонов, Салянова, Асанов, Кадыров, Жапаровдорду жөнү жок эле камады, өзүн сүрөп президенттике жеткиргендердин баарын карга-кузгунга теңеди, оозго алгыс сөздөрдү айтып мазактады … мародер да кылды… Мына акыры барып өзүнүн эң жакындары ууру-кески делип камалып жатышат… — деп мен деле сөз жеген жокмун. — Ээ десең, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы… Ит эле болушпадыбы… Бирок ошентсе дагы жолун билсең Атамбаевке акырын айттырып койсоң боло, аралашсын, президент Жээнбеков менен сөз таап ага көмөкчү болсун… — деп менин бир жашыруун билгеним бардай такымдап туруп алды. — Ой ава, мен билген жолду сиз деле билесиз, анын жашыруун жагы деле жок…

Биринчиден, Атамбаев элден кечирим сурашы зарыл, ит болдум — куш болдум, элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгымды жогору койуп алыптырмын, кечирип койгула — деп, Экинчиден, өз саясий жана чөнтөк кызыкчылыгы үчүн жөнү жок жерден куугунтукка алып, түрмөгө камап кор кылган кечеги үзөнгүлөштөрү Текебаевден, Чотоновдон, Саляновадан, Асановдон, Кадыровдон жана башка кыргыздын белдүү уулдарынан кечирим сурашы абзел, ит болдум — куш болдум, бийлик көзүмдү майлап, байлык башымды айлантып ушундай болуп кетти, колум жеткендерди камадым, жетпей калгандарга тилим жетти, оозго алгыс сөздөрдү айттым, кечиргиле — деп, Үчүнчүдөн, чөгөлөп туруп Отунбаевадан кечирим сурашы керек, колумдан жетелеп жүрүп киши кылып, этегиңизге калкалап жүрүп президент кылдыңыз эле, эмгегиңизди билбедим, мээнетиңизди баалабадым, ишеничиңизди актабадым, мансапка манчыркап туруп обу жок катуу сөздөрдү айтып алдым, кечириңиз — деп, Төртүнчүдөн, Президент Жээнбековдон кечирим сурасын, мени Кудай урду, шайтан азгырды, Эл башы болуп, Журт башы болуп шайланганыңызды этибарга албай, мурдагыдай эле опуруп-жапырып намысыңызга тийдим, абройуңузга шек келтирдим, бети ачылган коррупциялык иштерге тиешеси бар деп бет тырмалык кылдым, кечир досум — деп, Бешинчиден, өзү килейген Хан-сарай салып алган Максимдин жеринен баш тартып, Албек Ибраимов алдап мага бере салыптыр, көрсө бул жердин өзүндө мандем бар экен, бул жерге салынган үйдө кантип жашамак элем, макүрөө да, андан көрө элдин керегине жарай турган бир жайга алантып алгыла деп Өкмөткө өткөрүп салсын, Алтынчыдан, өз бийлиги тушундагы коррупцияга малынып, азыр камакта жаткандардан дагы, эми дагы камала тургандардан дагы баш тартуусу зарыл, мага булар эч ким эмес, ит турбайбы, мен буларга ишеним артып чоң кызматтарга алып келсем булар абдан уят кылып кетишти, көрсө жеткен ууруларды, мародерлерду, паракор-коррупционерлерди жакындатып, айланама жыйнап алыптырмын, ишенчеектик кылыптырмын, булардын камалып-соттолгону туура болду, мындай жемкорлорду атып салса да азыдык кылат — деп.

Мына ушуларды аткарса андан ары бир эле тосмо калат, ал Атамбаевдин өзүнүн таза же таза эместиги. Эгерде жогоруда айтылгандын баарын аткарып, анан дагы өзү таза болсо кошулат кайра элге, жүзү жарык болуп эл аралап басып калат. Бул жолдун эч секрети деле жок, атайын айттырбай эле ачык жарыя кылып койоюн — дедим. Авам мени бир топко элейип карап туруп: — Ошондой да болмок беле… Аткарылбай турган нерсени айтасын да… — деп мага капа болгондой басып кетти. — Башка жол жок го дейм… — деп мен да кеттим үй жакка.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу