Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “7-апрелдеги революция компрадор-олигархтардын жеңиши болгон, элге эч кандай жыргалчылык алып келген жок”

Качан болсо ачуу чындыкты бетке айткан Эдил Байсалов менен байланышып, мамлекетибизде орун алып жаткан айрым маселелер тууралуу ой бөлүштүк.

Эдил мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаев макала жазып, “баркымды билбей жатасыңар” дегендей ой айтыптыр. Ал элге таарынып жатабы же аны таштай качып, Сооронбай Жээнбековго өтө качкан кадрларына капа болуп жатабы?

— Мурдагы президент өзү кетип баратканда айткан сөзү бар: “мен чоң-чоң ишканаларды ача алган жокмун, ЕАЭСке киргиздим” деп. Анысын эки жылдай милдет кылып жүрдү.  Ал ортодо Назарбаев менен урушуп, «бул союзуңар эчтекеге жарабайт тура, биз көптү күткөнбүз, үмүт акталган жок» деп айтканга да үлгүрдү. Биз анысын кантип унуталы. Мына жалгыз мактана турган иши бул жанагы Бишкек ТЭЦ менен Датка-Кемин подстанциясы жана автожолдор. Мунун баардыгы 1 миллиард 700 миллион Кытайдын кредитине курулду. Карызга курулуп атканы аз келгенсип, мына январда ТЭЦ тоңуп калгандан бери баардык кредиттерден канча акча уурдалганы боюнча фактылар чыгып атат. Алты жүз долларлык аттиштер бул чепуха. Акаев менен Бакиевдин түшүнө келчү эмес мындай каражаттар. Бир эле проекттен жүз миллиондогон долларды сындырып алып турушчу экен. Бул карызга салынганды техника-экономикалык негиздөөчү документи жок эле, жөн эле кол коюп берип, мына кредитке батырып баса берди. Эми ошону дагы бизге милдет кылып атат. Эсиңердеби, башында бийликке келгенде «биз сөзсүз Борбор Азияда эң өнүккөн өлкө болобуз» деп каргана берчү. Кана ал? Атамбаевдин доорунда биз тажиктен артта калдык. Коррупция менен күрөшүп атты эле. Өзү коррупцияга батты. Дагы бир жолу кайталайм, Акаев менен Бакиевдин түшүнө кирген эмес мындай масштабтуу уруулук. Азыр жакындарына айтат имиш: “кадрлардан жаңылыптырмын, ошолор жечү туура, мен каяктан билиптирмин”,- деп. Икрам Илмияновко көп нерселерди шылтайт имиш. «Шоопур шоопурлугун кылат тура» деп. Ойлоп көрсөңөр. Элди мазактап, бизге ошол шоопурун вице-президент катары эле дайындап койгон. Майрам Акаева, Айдар, Максим жана Жанышты баарын кошкондо — шоопур Икрамдын бийлиги жана таасири күчтүү болчу. Аны биз канча айттык, жаздык, эч сөзгө келчү эмес. Былтыр «Манас» орденин ыйгарып, «вазирим» деп расмий рахмат айтып, даңазалаган. Эми болсо Атамбаев күнөлүү эмес эле, шоопуру күнөлүү экен. Өзү кадр саясатынан жаңылган киши азыркы президентке акыл үйрөтөт экен, ошого сынчы болуп. Дагы «мен айтпаганда, ким айтат» дегенде, башкаларды билбейм, мен уялганымдан кирээр жерди таппай калам. Уят эле.

Сиз айткан «өтө качкан кадрлар» боюнча айта турган болсок, алардын көбүн жеке Атамбаев өзү тандап, дайындаган. Кимге таарынат? Гезиттерди барактап көргүлө, мына сизге, канча жыл мурун биз айттык эле, так ушундай көрүнүш күтүп турганын Атамбаевди. Бул эчактан эле белгилүү болчу, эмнесине таң калабыз?

Атамбаевдин мезгилинде негизги катачылык эмнеде болгон?

— Негизги проблема, ушундай маселлердин түпкү тамыры бул компетентсиздикте. Атамбаев өзүн аябай акылдуу сезчү. Парламентаризм деп коюп, бийликтин баарын колуна топтоп алды. Ошол кездеги фракциялар, партжетекчилер ага көз жумбастан, активдүү жардам беришти. Ошолордун колу менен көп нерселер жасалды. Бирок жалпы мамлекет ушул эле бир кишинин ою менен болуп, баягы авторитаризм жолу менен жүрдүк. Жеке жалгыз өзү чечип койду “альтернативдүү жол салынсын” деп. Аны парламент же өкмөт талкуулаган жок. Өзү туруп туруп эле “Жерүйдөн” түшкөн 100 миллион долларды мектеп курганга кетет деп койду. Аны деле эч ким менен макулдашкан жок. Башкасын эмне кылабыз айтып, Исаков сыяктуу отдел башчылары чечип атпадыбы түздөн-түз эле. Бир киши өзү кабыл алган чечимдер шашма, чийки, туура эмес болот. Жети өлчөп бир кесиш керек. Уурдагандан дагы ушул компетентсиздик мамлекетке эң көп зыян алып келди. Өзүн тегеректеп кандай адистерге эбегейсиз бийликти тапшырганын биз шоопурдун мисалында көрдүк. Эми мобул сотторду титереткен Манас Арабаевди алып көргүлө. Бул байкуштун жакында кол жазма автобиографиясын көрүп алып, ушунча көп ката, экиге окуган эле бала экенине көзүбүз жетти. Университетте окубай, кайдагы бир филиалдын филиалында катталып, эптеп юрист деген дипломдун атын алып, баш айланткан карьераны Атамбаевдин доорунда жасап атат. Азыр мына министр, губернатор, баардык кызматтын баркы кетти. Анткени Атамбаев менен анын шоопурунун доорунда итбай-чотбайдын баары эле чоң кызматтарга дайындалып атты. Эмнесин айтабыз? Мамлекеттик институттарга жана бийликтин авторитетине өтө чоң зыян келтирилди. Анан кечээ күнү «Атамбаев сохранил государственность» деген Фариддин жазган куттуктоосун көрүп, таң каласын. Мамлекетти, так ошол өзү кайра-кайра мактангандай, эки жолу талкалабады беле Атамбаев. Андан сырткары мамлекеттүүлүккө ким коркунуч келтириптир? Эмне баатырлык кылды? Ошто коогаланды Атамбаев басып, тынчытты беле? Анда дайны жок жоголбоду беле, туурабы? Эмнесин айтып атышат түшүнгөн жокмун. Же тээтиги Талгарбеков, Асанов, Кадыровдорду камаганын айтып атышабы, ошолордон сактадык деп. Иши кылса, мен айткандай, эч көрүнүктүү жетишкендик жок болгонунан, анан ошондой сөздү «сохранил государственность» деп айтып атышат.

Кечээ күнү талкуу жараткан бир маалымат чыкты. “Жээнбеков тарых музейинин ачылышында “Акшумкар” медалын Атамбаевге берет экен”- деген. Муну кандай түшүнсөк болот?

— Биринчиден, Атамбаевге Баатыр наамын ыйгаруу боюнча указга эчак эле кол коюлган. Ошон үчүн пенсиясы 150 миң сом. “Ак шумкарды” тапшырбай деле койсо болот. 2011-жылы Атамбаев президент болгондо, ага ошол “Ак шумкар” алтын чынжыр менен мойнуна тагылбады беле. Анысын чанып, былтыр аны инаугурацияда тагынган эмес. Экинчи “Ак шумкарды” эмне кылат экен. Өзү болсо радикулитмин деп, мамлекеттик майрамга басып келбейт, кечээ күнү Алга Кылычев жана Мээрбек Мискенбаевдердин туугандары туулган күнү менен куттуктап келсе, алар менен түз басып эле сүрөткө шакылдата түшүп атат. Бирок кеп анда эмес. Азыркы убакта, Атамбаев кирген чыккан кишинин баардыгына эле үч сөздү айтат экен. Биринчиси, колундагы ресурстары, эбегейсиз байлык жана телеканал, гезиттери бар экенин, элди эртен эле алдап кое турганын айтат экен. Экинчиден, азыркы президентти бат эле же коркутуп же алдап, бир эле күндө, кааласа, элдеше ала тургандыгын билгизет экен. “Мен эртең эле Соке досум менен элдешип, кайра мурунку статусума ээ болсом, эмне кыласыңар”- деп коркутат экен. Анан бул эки ыкма дагы жарабай, өзүнө жанагы жолуккан кишини тарта албаса, үчүнчү сөздү айтат экен: “Путин — менин жеке досум. Кремль менен түз байланышым бар. Эртең эле келип, Жээнбековду ордуна коюп, мен менен тил табышканга мажбурлайт”- дейт экен.

Анысы чын болсо, анда эмне себептен Путин туулган күнү менен куттуктаган жок?  Путин жакында эле Армениянын экс-президенти Кочарянды туулган күнү менен телефон чалып куттуктады эле го…

— Ошону айтып атпайымбы. Атамбаевде азыр жалгыз гана жол бар. Бийликтин катачылыктарын айтып, анын чалынып, мүдүрүлүп кетишин күтүү. «Жээнбековдор Бакиевдердин жолуна түшүштү» деп регионалдык ажырым араздашууну козгоп ыдыратуу. Бийликке таарынгандарды, наивдүү жаштарды, ар кандай маргиналдарды топтоп, өзүнө жакындатып, ресурстарды пайдаланып, жанагы үч сөз менен алдап туруу. Албетте, Путин эч качан Атамбаев үчүн жан тартпайт. Россия болобу, башка державабы, биздин ички суверенитетибизге кийлигишпейт, кыргыз элин сыйлайт. Кремль эл менен Атамбаевдин ортосунан Атамбаевди тандайт деп божомолдоо күлкүмүштүү. Атамбаев эмес Акаевге болушкан эмес Москва. Жанагынча эбегейсиз акча коррупция чыгып аткандан кийин, кайсы себептен болушмак эле?

— Айтканыңызга ынаналы, Путин тараптан эч кандай кийлигишүү болбойт дедиңиз. “Жээнбеков менен Атамбаев жолугуп жатат. Эртең эле элдешип алат”- деп жатышат го?

— Ии, баса, мына ошондой маалыматты, байкасаңыз, өздөрү таратып жатышат. Мисалы, жанагы “Ак шумкарды” музей ачылышында расмий тапшырат экен”- деген жаңылыкты Атамбаевдин өкүлү Кундуз Жолдубаева айтып атат. Муну фейк ньюс деп коет. Анткени, президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева “тапшыруу бизде пландаштырылмак турсун, эсибизде жок”- деп айтканына көңүл бурулбай, Кундуздун “эки президент жолукканда айтылган”- деген сөзү чоң интриганы жарата алды. Ишенчээк бир катмар “чын эле Жээнбеков менен Атамбаев жакында жолугуптур”- деп түшүнүп алышты. Эми мен алардын жолуккандары менен деле ишим жок, бирок мен, мисалы, 31-мартта Атамбаев жанагыдай президенттин дарегине эч себепсиз, эчтеке боло электе эле, эң катуу «незаслуженный» критика менен чыкканы аз келгенсип, ал кишини «жазып бергенди  түшүнбөй эле окуп коет» сыяктуу ачыктан эле кемсинткен сөздөрдү айткандан кийин, Жээнбеков менен жолукканын элестете албайм. Жолукса, мисалы, 31-августта деле келет эле го аянтка. Андан бери болсо өкмөт дагы алмашты, канча деген миллиарддаган коррупция иштери белгилүү болду, канча кол алдындагылар камакка алынды. Ошондуктан, жеке менин анализим боюнча, бул эки киши марттан бери жолуккан эмес. Жолуга турган болсо дагы, бир эле сөз болушу мүмкүн. Бул Атамбаевтин жеке тагдыры. Бирок ал Жээнбековдун колунда эмес, так ошол Атамбаев өзү топтогон Жогорку Кеңеш чечет. Жээнбеков болсо, биз муну баарыбыз укканбыз, “досум болобу, тууганымбы, уурдаганы чын болсо, камалышы керек, эч кимди аябайм”- деп катуу кесе айтканы бар.

— Атамбаев мурдагы оппозиция мчөлөрүн кабыл алып. көп нерсени эми түшүнгөндөй таасир калтырыптыр. Ал оппозициянын башын бириктирүүгө аракет кылып жаткан жокпу?

— Эми канча жолукса деле  майнап же пайда чыкпайт. Убагында угуш керек болчу да. Азыр канча актанат — анысынын кимге кереги бар? Бул Шекспирдин эле трагедиясы. Же андан да мурун Байыркы Грецияда театрда коюлчу. Акылынан айнып калган падыша жана королдор жөнүндөгү сюжет миң жылдар бою адамзатка белгилүү. Бизде болсо бул спектакль же кино эмес, жашообузда болуп аткан окуя. Буга бирок Атамбаевден башка эч ким күнөөлүү эмес. Кышында-жазында жаңы президентти жээрип, өзүн өйдө коюп, өкмөт менен депутаттарды ага каршы үгүттөп, өзүн мамлекеттен жана элден, эл шайлаган жаңы бийликтен өйдө койгон. Баарыбыз көрдүк го. Тилекке каршы, азыркыга чейин ошол бийликтин мастыгынан соолуга элек. Баягыдай эле өзүн олуя сезгенин аны менен жолуккандар айтып атышат. Демократияда бийликтин булагы эл. Атамбаев эмес согушта жеңген Черчилль менен Де Голь дагы бийликти өткөрүп, пенсияда тынч жашашкан. Бул болсо бийликке Конституциядан тышкары ээ кылууга аракетин азыркы күнгө чейин улантууда. Тынч экс-президент статусунда жашабай, саясий партияга төрага болуп келип алды. Бул туура эмес. Элди сыйлабагандык.

Эмне үчүн Кыргызстанда саясат бир гана адамдын айланасында болот?

— Президенттик шайлоону жеңген Жээнбеков. Ал жаманбы, жакшыбы, мамлекеттин эмки алты жылдык тагдыры анын колунда. Анан мен дайыма айтып келгендей, азыркы Конституция өтө чийки жазылып калган, бизде парламентаризмдин жыты да жок. Кана парламент мурунку бийликтин учурунда туруштук бере алдыбы? Жок! Андай болгон жок! Авторитаризм бар жана болот. Бирок мобул компрадордук партиялар жана парламенттер менен салыштырмалуу күчтүү президенттик бийлик элдин камын көбүрөөк ойноп, келечекке умтулат деген дагы илимий база жана тарыхый практика бар экенин унутпасак. Бул белгилүү эле маселе. Эмне болгон күндө дагы азыркы конституциялык эксперимент сегиз жылдын ичинде өзүнүн жараксыз экендигин көрсөтүп койду. Ага биз сыйынып же коргоп чыгуубузга эч кандай негиз жок. 7-апрелдеги революция компрадор-олигархтардын жеңиши болду, ошолорду Бакиевдердин эзүүсүнөн куткарды, элге эч кандай женилдик же жыргалчылык алып келген жок.

Бабановго козголгон кылмыш иштин бири кыскарыптыр. Анын кылмыш иштери тымызын жабыла башташы бийлик менен тил табыша баштаганынан кабар бербейби?

— Өмүрбек Бабанов эч кандай кылмыш жасаган жери жок. Ага иш козгогон жанагы Атамбаев менен Сегизбаев болушту. Андай кылмыш иш козголо турган болсо, Атамбаевге козгошубуз керек «тизелебейбиз» дегени үчүн. Кырк пайыз добушка жакын алган Бабановду душманга айлантуу, бул так ошол Сегизбаевтин планында болчу. Баардык саясий оппоненттерди камап, Жээнбековту дагы алсыратып, ага дагы “Белизгейт” сыяктуу провокация уюштуруп, өзү келмек бийликке. Муну баардык эле күчтөр жакшы билет. Сегизбаевге каршы «бийликти узурпациялоо» статьясы менен иш козголуп, ал камакка алынышы керек. Түштүк Кореядагы атайын кызматтын жетекчиси 25 жылга жөн эле интернеттен коммент жазган трольдорду жалдаганы үчүн соттолуп кетти. Бул болсо негизсиз камап, негизи жок иш козгоп, коркутуп, элдин эркин түздөн түз басмырлаган. Бабанов менен Жээнбековдун ортосунда эч кандай деле жеке маселе жок экенине ишенем.

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу