Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Жээнбековдун бир жыл бийлигиндеги жетишкендиги — элдин ишенимине ээ боло алды!”

Коомдук ишмер, өз көз карашын ачык айткан Эдил Байсалов менен баарлашып, Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиле тууралуу ой бөлүштүк.

— Эдил мырза, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматты аркалаганына бир жыл болду. Ал бир жылда кайсыл иштердин өтөөсүнө чыга алды?

— Бир жыл боло элек. Расмий президенттик мөөнөт 24-ноябрда өткөн инаугурациядан эсептелип баштаган. Бирок Жээнбеков өзү чынында апрелде күч органдар менен өкмөттү өзүнө баш ийдиргенден кийин гана президент болду десек болот го. Менимче негизги жетишкендиги бул элдин ишенимине ээ боло алды. Анткени, шайланганда элдин бир чейрегинин добушун алса, андан бери колдоочулардын санын 2-3 эсе көбөйтө алды. Андан сырткары эң негизги жетишкендик бул эл аралык катнаштарыбызды оңдой алганы болду. Казакстан менен Түркия, албетте, биринчи катарда. Бирок бир канча башкалары менен дагы мамилебиз бузулуп, бузулбаса да тоңуп токтоп калган абалда болчубуз. Дагы бир элге жаккан көрүнүш — Жээнбековдун жалпы элди бириктирүүгө, жаратмандык сөз айтып, аксакал, жаштар, баардыгын өзүнө тартып, чанбай, ынтымакты бекемдөө аракеттерин белгилесек болот. Мурунку лидерибизден бул эң чоң айырмачылыгы ушунда болду. Жаман сөз уга элекпиз. Үйүбүз кадимкидей тынчып, ырыскыбызды төгүп чачпай, элди бөлүп жаруу дагы токтоду десем болот. Менимче азырынча президент командасы менен күч топтоп, картасын тактап аткан чагы болуш керек. Ички саясатыбызда, экономикабызда, менимче, мурунку эле жол менен бараткандайбыз. А балким ал жактагы жетишкендиктер дагы көзгө байкала электир. Андай да болот. Муруңку “сөзсүз эле гүлдөйбүз” деген курулай карганмайдын кесепетин тартып атабыз. Өндүрүш, айыл чарбага көңүл бурулбай калган. Баардык эле аракет «Россияда иштегенге мына шарт түздүк, барып, тентип, ошол жакта иштеп, акча тапкыла” дегендей саясат жүргөн. Эми биз бир канча жыл кыйнала тургандыгыбыз бул боло турган эле иш. Экономикалык катачылыктардын залакасы бир канча жылдан кийин тийет. Кээ бирөөлөр оңой кредит топтоп, «мына кыйраттым, жол курдум” деп мактанат, ал карыздарды эмки бийликтин, жалпы элдин мойнуна илингени, азыр биз аларды төлөй албай, баардык тапкан акчабыз ошол процентти жаап, кредитке батканыбыз унутта калынат. Ага күнөлүү азыркы бийлик болгонсуп.

— Атамбаев мураскор кылып таштаган Жээнбеков мурдагы президенттин үмүтүн актай алдыбы? Неге Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы мамиле тез эле эки башка нукка бурулду?

— Мен жакында эле кызыктай сөз уктум. Билген  кишилер эле “Жээнбековду Атамбаев президент кылган, аны болсо ал шайланаар замат сатты, суу куйду”- деген сөздөр айтылып жатат. Бул албетте туура эмес. Биринчиден, Жээнбековду шайлаган улуу Кыргыз эли, аны бир киши дайындаган жок. Жеке сапаттары үчүн шайланды. Муну оомат десеңер оомат дегиле. Бирок Жээнбековго биз ыраазы болушубуз керек. Ал кызмат милдетин сезип,  элди өйдө койгонун түшүнүшүбүз керек. Экинчиден, болсо, бат эле унутулуп калды. Жээнбеков Атамбаев менен урушкан жок. Так Атамбаев элди, конституцияны, демократияны сыйлабай, жаңы шайланган президентти “Соке досум” деп кемсинте сүйлөп, Ак үйдөгү кабинетиндеги үстөлдү дагы бошотпой, резиденциядагы Хан ордодон дагы бир айдан кийин көчкөн. Мындан сырткары кирген чыккан кишиге “мен мурун кандай бийликте болсом, азыр деле ошондоймун, Сокеш эч ким эмес, баары менин колумда” деп айта берген. Айтор, мен буга учурунда ишенген эмесмин. Бирок, кышында бир канча кирип чыккан адам күбө. Телефону шынгырап калат, аны алып отурган депутаттарга көрсөтөт: “көрдүңөрбү, 35 “пропущенный звонок”, мына мага Соке кайра кайра чалып атат, мен ага жооп бербейм, ансыз эле бийликти жүргүзүп атам” деген. Президент Жээнбеков ден соолугун сурап же болбосо балким бир маселе боюнча кеңешейин дегендир — Атамбаев жооп бербей, кол силкип, каккан. Ошондой эле көрүнүш Исаков тарабынан болгон: “президент никто, бүт бийлик өкмөттө, анан Атамбаевде деген”

— Атамбаев кааласа бийликти алмаштырып коёт. Бирок, Сокеден кийин мага каршы иш кылган кишини президент кылып албаймбы деп чоочулап атыптыр деген кеп айтыла баштады го. Ынансак болобу?

— Жок. Эч кандай бийликти алмаштыра албайт. Ага эл уруксат бербейт. Болду жетишет. Атамбаевтен азыр эч ким коркпойт. Анын сөзүнө, анын акчасына ишенген бир ууч адам жана саясатчымын деген авантюристтер болбосо, эл Атамбаевди колдобойт. Мамлекеттүүлүктү сыйлап, эл бийлигин туу тутабыз. Мөөнөтүнөн мурда алдамайга мындан ары жол берилбейт. Ал оорудан кыргыз эли айыкты.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу