Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Бакиевдин эң жакын адамдарынын бири Атамбаев болгон”

Дээрлик март айынан бери үн катпай, «командасынын» калың катмары камала баштаганда да реакция кылбай бугуп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев жуманын башында, тагыраагы 19-ноябрь күнү жүзүн көрсөтүп, жеке менчик «Апрель» телеканалына маек берди. Менчик каналы болгондон кийин каалагандай сүйлөсө болот эмеспи. Анын сыңарындай ал «каалагандай» сүйлөдү, өзүнө жакпагандарга «жугунду» куюп, жарыктык киши көнгөн адаты менен бир топ адамга асылды. Эң башкысы, президент Сооронбай Жээнбековго болгон таарынычын билдирип, кайсыл сөзүнөн болбосун күнөөнү президентке байлаганга болгон аракетин жасады. Кызыгы: «ТЭЦти оңдоо иштери Жээнбеков өкмөт башчы кезинде болгон. Бирок, аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек» деди. Мындан сырткары, Атамбаев: «Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам» деген күлкү келээрлик оюн ортого салды. Албетте, бул ириң аралашкан «кыйшык» сөздөр ички таарынычтан улам чыгып жатканы жалпы элге маалым. Анткени, ажо Сооронбай Шариповичти «кол бала» катары башкарам деген Атамбаевдин «кыйды» максаты ишке ашпай талкаланып, арам ою ара жолдо быт-чыты чыккан. Айтор, жеке таарынычын мамлекеттик масштабдагы көйгөйгө айландыргысы келген Атамбаев жөн жатпай, кезектеги ызы-чууну жаратканга аракеттене баштаганы байкалып калды. Бул боюнча пикирин билдиргендерди тыңдап көрдүк.

—Экс-президенг Алмазбек Атамбаев өз маегинде Курманбек Бакиевдин фамилиясын бир канча жолу атап жатат, «Бакиев эле, Бакиев эле» деп. «Жээнбековдор жаңы Бакиев» деп айтканына биз бир жагынан таң калышыбыз мүмкүн. Анткен менен, так ошол Бакиевдин эң жакын адамдарынын бири Атамбаев болгон. Бакиевдин Премьер-министри дагы болгон. Керек болсо, Германияга чейин барып келген. Биз муну туура түшүнүшүбүз керек. Баамымда, кыргызды экиге бөлүү максаты бар экен. Бизди, элди бири- бирибизге тукуруп, ошол эле түндүк-түштүк деген маселени көтөргүсү келип турганын баамдасак болот. Бул Атамбаевдин жалгыз үмүтү, жалгыз карасанатай ою. Ошол кыргызды экиге бөлүп, кайра элибиздин биримдигине залака келтирүү. Негизги эле ою ошол болуп калганын биз бул маегинен түшүнсөк болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу