Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер, жазуучу: “Пезидент өз убадасына туруп коррупционерлерге чечкиндүү күрөш баштады”

Белгилүү коомдук ишмер, жазуучу Чолпонбек Абыкеев мурдагы премьер-министр С. Исаков, Бишкектин экс-мэри К. Кулматов жана ЖК депутаты О. Артыкбаевдин 5-июнда камакка алынышы боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына билдириптир. Аны окурман журтчулугуна сунуш кылабыз:
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 27 жылдан бери мындай окуя болгон эмес. Мынчалык элге аттары белгилүү өтө чоң кызматта иштегендер коррупцияга аралашкан деген күнөө менен камалган эмес.
Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков айткан сөзүнө турарын, коррупция менен айоосуз күрөшөрүн иш жүзүндө көрсөттү. Буга Сапар Исаковдун, Кулматовдун, О.Артыкбаевдин камалышы так далил болуп бере алат. Президенттин мындай чечкиндүү кадамына коомчулуктун эси оой түштү.
Пезидент өз убадасына туруп коррупционерлерге чечкиндүү күрөш баштады. «Медалдын эки бети бар»- дегендей мени тынчсыздандырган маселе «экинчи бетте». Мындай чечкиндүү күрөшкө биздин коомчулук даяр болду бекен. Бүгүн кылмыш иши ачылып камалгандарды «Тигил жердешим эле, бул уруулашым эле» — деп эртең тымызын да ачык да коргоого өтпөйбүзбү? Минтип айрымдарга жан тартуу бүгүн эле байкала баштаганы көрүнүүдө.
Мамлекеттин казынасына кол салуу, элдин ырыскысын жеп ичүү бул өтө оор кылмыш. Эгер коррупционерлерге жан тартсак анда биз кыргыздар түркөй карангы эл экенибизди дүйнө коомчулугуна далилдейбиз. Мамлекетибиздин экономикасынын эңшерилип өспөй жатышына так ушул коррупционерлер күнөөлүү. Канчалаган улутташтарыбыз чет өлкөлөрдө иш издеп тентип жүрүшүнө так ушул коррупционерлер күнөөлүү. Чет өлкөдөн жыл сайын 300дүн тегерегинде жапжаш улан-кыздарыбыздын ар кандай кырсыктан кайтыш болгон сөөгү келет. Алардын бейкүнөө ажал табышына так ушул коррупционерлер күнөөлүү. Чет жерге иштеп кеткендердин арасында миңдеген үй-бүлөлөр бузулууда, канчалаган балдар жетим калышууда, ага так ушул коррупционерлер күнөөлүү. Экономикалык, руханий кризистен коом болуп көрбөгөндөй деградацияга учурады, ага так ушул коррупционерлер күнөөлүү. Мамлекетибиздин келечегине болгон ишеним алсырады, экономикабыз оңоло албай келатат, ага так ушул корупционерлер күнөөлүү.
Такталбаган маалыматтарга караганда А.Акаев менен кошулуп качкандар 3 миллиард доллардын тегерегиндеги каражатты, ал эми К.Бакиев менен кошулуп качкандар 4 миллард доллардын тегерегиндеги каражатты өлкөдөн чыгарып кетишкен деген кеп коомчулукта жүрөт. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылбдабайт» — дегендей эгер айтылган сөздүн үчтөн бири чын болсо деле Кыргызстандын экономикасын оңдой турган каражатты бир ууч коррупционерлер уурдап кетишкен болуп жатышпайбы. Бүгүн камалгандардын байлыгы эле тышкы 4 миллард доллар карызыбызды жабууга жакындап калбадыбы. Бир эле качкан Шадиевдин байлыгы 500 миллон доллардан ашык экен го. Чеке тер төкпөй элдин ырыскысын кан соргон кенедей жабышып соруп келаткан мителерге жан тартсак анда биз кыргыз эли ким болобуз?
Мамлекетинин келечегине балта чапкан, элдин жашоо турмушунун оңолушуна кедергисин тийгизгендердин орду түрмөдө. Булардын улуту, уруусу, жердеши жок. Эгер улутту ойлосо, мамлекетти ойлосо, элинин келечегин ойлосо мындай кылмышка барышпайт болчу. Мындай коррупционерлерге жан тартуунун өзү чыккынчылык деп ойлойм. Мамлекетибиздин, элибиздин келечегин ойлосок, жашоо турмушубуз оңолсо десек, коррупциядан кутулап тазаланалы десек Президенттин жүргүзгөн ишин колдошубуз керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу