Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 6-декабрында иш сапар менен Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барып, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген курамдарда өттү, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйыны 2019-жылдын май айында Астана шаарында өткөрүлөт.

7-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына учуп барып, жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Жыйындын соңунда КМШ мүчө-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу болду.

По завершении заседания состоялась неформальная встреча глав государств-участников
Содружества Независимых Государств.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу