Чыныбай Турсунбековдун мүлкү былтыркы жылга салыштырмалуу азайган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын Мамлекттик салык кызматы аткаминерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу Бирдиктүү салык декларациясын жарыялады.
Ага караганда, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Чыныбай Турсунбеков 2017-жылы 39 миллион 320 миң 818 сом киреше алгандыгын билдирген. Андан сырткары анын мүлкүндө жалпы аянты 551 чарчы метрди түзгөн үч батир, ар бири 22 чарчы  метрден түзгөн үч гараж жана 2 гектар аянттагы жери бар. Ошондой эле 2003-жылы чыгарылган Mercedec Benz үлгүсүндөгү унаасы бар. Тизмеден 2016-жылы жазылган 3 батир алынган.
Турсунбековдун жакын туугандары 2 миллион 547 миң сом киреше табышкан. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 10 эсеге аз.
Ошондой эле отчеттон ишенимдүү башкарууга берилген “Акун Ысык-Көл ЖЧКсы”(45%), “Акун Суу ЖЧКсы” (80%), “Акун ЖАК” (81%),”Бишкекскский мелькомбинат ААК” (92%), “Кереге ААК”(16%”), “Кыргызстан Банкы ААК” (660 акциясы) алынган.
2017-жылы “Лексус” үлгүсүндөгү унаа дагы сатылган, 2016-жылы чыгарылган “Тойота RAV-4” үлгүсүндөгү эки автоунаалар гана калган.
Булак:KyrgyzToday

Аргумент.kg