Таласта жубайлар чатакташып, күйөөсү аялына бычак сайып өлтүргөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Талас районунун Кара-Суу айылында 37 жаштагы келин киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда түнкү саат 03:50 чамасында Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Анда 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү саат 03:30 чамасында Кара-Суу айылынын 1983-жылы туулган тургуну С.А. өзүнүн 1984-жылы туулган аялы М.Т.ны өлтүрүп салгандыгы айтылган.

Окуя болгон жерге Талас РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Текшерүү учурунда ал түнү жубайлар өз ара чатакташып, жолдошу аялын бычак менен сайып өлтүрүп салгандыгы аныкталган. Аталган факт Талас РИИБде Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү С.А. Талас райондук соту тарабынан Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынган. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Аргумент.kg