Уран Рыскулов, коомдук ишмер: “Атамбаев бүгүн жарга такалган жаныбардын кейпинде…”

У. Рыскулов: Жарашсам дегенде эки көзү төрт.

Кандай кырдаал болсо да өзгөчө пикири бар Уран Рыскулов менен айрым саясий жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк.

— Уран мырза, Атамбаевдин “Сооронбай Жээнбеков менен элдешкенге аракет кылдым. Бирок, алар ал аракетимди туура эмес кабыл алды”- деген ойду айтты. Атамбаев элдешүүгө аракет кылды деп ишенсек болобу?

— Ишенсе болот. Анткени, Атамбаев бүгүн жарга такалган жаныбардын кейпинде. Жарашсам дегенде эки көзү төрт. Бирок, айласы кетсе кол салганга дагы даяр болуп турат.

— Неге Атамбаев элдешүү аракетин баштады? “Коррупционерлер менен болгон күрөштөгү укурук менин да мойнума илинип калат”- деп чочулап жатабы?

— Атамбаев өзүнүн ал-күчүн туура эсептебей калды. Ал ойлогон, “Жээнбековду оңой эле ордуна коюп коём” деп. Ооба, туура, Жээнбековду оңой эле ордуна койсо болот. Бирок, ал орустардын Жээнбековго болгон таасирин унутуп койгондой. Бул күрөш дагы күчөйт. Анткени, эки жакка тең керосин чачкан күчтөр көп.

— Андан ким утуп, ким утулушу мүмкүн?

— Экөө тең утулат. Экөөнүн утулганы эч нерсе эмес, эң өкүнүчтүүсү кыргыз эли дагы чоң утулушка дуушар болот. Бул жерде сырткы оюнчулардын глобалдуу оюну болуп жатпайбы.

— “Мыйзамсыз баюу” деген берене менен президент эми дагы көп коррупционерди кылтакка илип, камакка алышы мүмкүнбү?

— Ооба кылтакка илиниши мүмкүн, бирок кичинекей балыктар гана түшөт. Ошон үчүн  аны коррупция менен күрөшүү деп айтууга болбойт. Жөн гана элдин көзүнө чаң чачуу. Бийлик бутактары элдин ишениминен чыгып калган. Ошол жок ишенимди, бар деп көрсөтүүнүн бир формасы.

— Министрдин орун басарынын 520 миң доллар пара алуу аракети коррупция менен күрөшкө жатпайбы?

— Кыргыз мамлекети бир жаман кырдаалга келип такалдык. Коррупция уят, жаман иш эмес эле мамлекетти башкаруунун бир формасы болуп калды. Орун басар эч нерсени чечпейт. Ким менен иш алып барыш керек, кимден канча пара алыш керек экенин биринчинин ишениминдеги кишинин макулдугу менен чечилет. “Орун басар күнөөлүү “деген жомокту Африкадан Кыргызстанга биринчи жолу келген негрге айтышсын, ошондо да алар дагы ишенишпейт болуш керек.

— Бирок, министр укканда “шок” болуп калдым деди го?

— Биздин министрлер театрда актер болушса болмок. Таң калган кишинин ролун жакшы аткарышмак. Министрлер тендердик комиссияга ишенимдүү өз кишилерин гана дайындашат дагы, ишти кандай алып барышы керек экени жөнүндө инструкцияны кулактарына күмүш сырга кылып илип коюшат.

— Адам укугун коргоо тармагындагы жаңы мыйзамдар кыйноолорду азайтабы?

— Жок өзгөрбөйт. Адам укугу деген түшүнүктү, мээбизге сиңирип койгон 21-кылымдын чоң аферасы. Адам укугу деген түшүнүктө корупционердин дагы укугун түшүнүшүбүз керек.

— Эмне үчүн?

— Өзгөрбөйт дегеним укук коргоо тармагында элдик көзөмөл керек. Алардын иштеринде ачыктык керек. Ошол жерде массалык маалымат каражаттарынын эмгеги чоң болуш керек. А бизде болсо эч качан андай болбойт.

— “КСДП Атамбаевсиз!” деген кыймылдын урааны ишке ашышы мүмкүнбү?

— Ашышы мүмкүн. Бирок, анын жыйынтыгы болбойт. “КСДП Атамбаевсиз”- деген бул өлүк проект. Келечеги жок. Жаман көрөбүзбү жээ жакшы көрөбүзбү КСДП Атамбаевдин баласы. Анткени, бизде партиялык институттар элдин калың катмарына сиңип кете алган жок, сиңип кетпейт. Анткени, ал кыргыздын канында жок. Ошондуктан «Ата-Мекен» десек Текебаевди, “Республика” десек Бабановду түшүнөбүз. Бүгүнкү Кыргызстандагы партиялык институттар бир кишинин акционердик коому болуп калган.

Булак: “Майдан. kg гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу