Турсунбек Акун, коомдук ишмер, экс-акыйкатчы: “Сапар Исаков карапайым адамдардын тагдырына кайдыгер мамиле жасаган, анын азабын тартып жатат…”

– Турсунбек мырза, президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди 60 жашы менен телефондон куттуктаганы маалым болду. Бул адамгерчиликпи же улуттук лидерге болгон сыйыбы?

– Президенттин телефон чалып, куттуктаганын Текебаевдин өзүнөн эмес, маалымат каражаттары аркылуу билдим. Анын телефон чалып куттуктаганы, президенттин адамгерчилиги, сыйы деп түшүнсөк болот. Себеби, Сооронбай Шарипович телефон чалып, куттуктаганы менен адамды баалай билгенин, урмат-сый көрсөтө билген касиетке ээ экенин далилдеди.

– Президенттин Текебаевге көзү түз болгон үчүн ооруканадан аны куттуктаганы барган саясатчыларга жолугууга мүмкүнчүлүк берилдиби?

– Ооба, ошондой десек да болот. Эгер мурунку бийликтин убагында Текебаев алтымышка чыкканда президент телефон чалып куттуктамак турсун, ага каалоо-тилек айтып коёюн деген саясатчыларга да жолугууга мүмкүнчүлүк бермек эмес. Бийлик алмашып калган үчүн, Атамбаевдин мезгилиндегидей бут тосуулар болбогон үчүн 30дай саясатчы барып, Текебаевге жолуктук. Каалоо-тилегибизди айттык. Биздин жабыла барып, куттуктап, моралдык колдоо көрсөткөнүбүзгө жетине албаган Текебаев “силер колдоп турсаңар 10 жыл деле отура берем” деп жиберди.

– Текебаев камакта отурганы үчүн анын 60 жашы ушундай жогорку деңгээлде өттүбү?

Ошондой десек деле болот. Аны Текебаевдин өзүнө да айттым. “Эгер камалбаганыңда 60 жашың мынчалык жогорку деңгээлде белгиленмек эмес”- деп. Демократияга кошкон салымы, Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар болгон үчүн, ак жеринен камалганы үчүн анын 60 жаштык юбилейи ушунчалык жогорку деңгээлде өттү. Алгач сүрөт көргөзмө уюшулду. Түштүктө жөө-жүрүш болду. Борбордо анын 60 жашы шаң салтанат менен коштолду. Кыскасы, мен саясатчымын дегендердин баары барып, каалоо-тилегин
айтып, Текебаевге болгон жогорку баасын беришти. Айрым саясатчылар ага айрым жерден каршылаш болгонун эстеп, кетирген катачылыгын мойнуна алышты. Кыскасы, Текебаевдин 60 жашы жер-жерлерде да белгиленип, мамлекеттик чоң иш-чарадай эле өттү.

– Турсунбек мырза, кептин нугун Сапар Исаковдун “саясий куугунтукка кабылдым, УКМК менен сотторду президенттин аппараты көзөмөлдөп жатат”-деген сөзүнө бурсак. Соттор дагы деле президенттик аппараттын басымынын чыга элекпи?

– Мен Сапар Исаковдун айтканына кошулбайм. Анын айткан сөзү Сапар менен Атамбаев экөө бийликте турган мезгилге таандык нерсени айтты. Азыр сотторго баштагыдай кысым жок. “Мыйзамдын алкагында иш алып баргыла”- деген гана көрсөтмө берилген. Керек болсо, айрым сотторго туура эмес чыгарган чечими үчүн жоопко тартуу аракети башталды. Мунун өзү эч кимдин басым болбогонун, бирөө жарым алардын ишин көзөмөлдөбөгөнүнөн кабар берет. Эгер мурункудай сотторго буйрук берген жагдай орун алганда, баары башкача болмок. Сыягы, Сапар Исаков дагы кошумча кылмыш иши козголоорун билип, кабатырланып, ушундай пикирди айтып жатса керек.

Чынында Сапар Исаков президенттик аппаратта бөлүм башчылык кызматты аркалап турган мезгилде эле Атамбаевдин ордуна көп чечимди өзү кабыл алчу. “Президент билсе экен, ал киши бул маселеге кайдыгер карабаса керек”- деп жан далбастаганыбызды капарына да алып койчу эмес. Башкача айтканда, “президенттин иши көп, андай нерселер менен башын оорутпаш керек”-деп койчу. Бир сапар экөөбүз анын кенебестигинен кайым айтышып кеткенбиз.

– Кайсы маселенин айынан айтыштыңар эле?

– Эсиңерде болсо керек, биздин жарандар менен Казакстандын жарандары чоң машинелер менен контрабандалык жол менен жүк ташып баратып, Казакстанда камакка алынган. Казакстан өз жарандарын бошотуп жиберген. Биздин 15 чакты жараныбыз камакка алынып, кийин Кыргызстанга экстрадицияланган. Ошол маселени айтып, “президентке айт”- деп Сапар Исаковго киргем. “Назарбаев Кыргызстанга келе жатат. Президенттин колуна ушул маселе тууралуу кагаз жазып эле карматып койсоң сөз арасында эле чечилип калчу маселе”- деп чырылдадым. Ал айткан сөзүмдү укмак турсун “ошолор үчүн эле президент Назарбаевге кайрыла бермек беле. Президенттин ансыз да иши көп”,- деп керсейип койгон. Үй-бүлөсү, жакындары адилеттик издеп, президенттен жардам күтүп жатат дегенимди уккусу да келбей койду. Жыйынтыгында, “теңине алгың келбеген карапайым адамдардын убалы тийип калбасын”,-деп катуу айттым. Азыр Сапар Исаков ошолордун абалын баштан кечирип жатат. Дабалаган жерим жок. Бирок, кудайдын буйругу менен алар кандай күнгө туш болсо, ошондой күндү көрүп, адилеттик издеп, эркиндик көзүнөн учуп, жалдырап отурат. Ошон үчүн “менин ишимди жеке президент көзөмөлдөйт, президенттик аппарат сотторго көрсөтмө берет”,- ден чындыкка дал келбеген сөздөрдү айтып, коомдук пикир жаратуунун айласын жасап жатат. “Соттор менен УКМКнын дубалынын ары жагында эмнелер болоорун эми билдим, кызматта жүргөндө кызыкпаптырмын”,- деп өзүн эч нерсеге кийлигишпеген, аралашпаган адамдай көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Ал канчалык актанса да, көп иш Сапар Исаковдун колу менен жасалчу.

Мен билгени Сапар Исаков Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун өтүшүнө чоң салым кошкон Эркин Мергенбаевди да ак жеринен каматты. Эркин Мергенбаев Сапардын “ишти бүткөрө бер, фирмаңа 17 миллион сом котортуп берем” деген сөзүнө ишенип, Кытайдан отургучтарды алып келип, көчмөндөр оюну өткөн ат майданды үч айда бүтүрдү. Жыйынтыгында, ишкердин короткон 17 миллион сомун которуп бермек түгүл өзүн, куугунтуктап, сотторго көрсөтмө берип каматып салды. “Ошондо да акылга келер бекен”- деп Сапар Исаковго кирип, “бул баланы бекер каматтың анын абалы башыңа келип калбасын”- деп эскерткем. Ал туура жыйынтык чыгарган эмес. Бүгүн Эркин Мергенбаевдин абалы Сапардын башына түштү.

– Президенттин жыл соңундагы журналисттер менен 6олгон пресс-конференциясы купулуңузга толдубу?

– Кээ бирөөлөр “жакшы болду” десе, кээ бирлери купулуна толбогонун айтып жатышат. Чынын айтыш керек, президент эч кимге асылган жок. Кандай суроо берилсе да, кылдаттык менен жооп берди. Маселен, кол тийбестикке, Райым миллионго, Текебаевге байланыштуу суроолорго тайсалдабай түз жооп берип, өз позициясын билдирди.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу