Тойгонбай Калматов, белгилүү коомдук-саясий ишмер:«Текебаевдин камалганы, Атамбаевдин жомогу»

Эгемендүүлүк жолуна түшкөн 27 жылдан бери КМШ курамына кирген кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстан жумушсуздук, кымбатчылык күчөп, артты көздөй тайгаланып, талкаланып келаткандыгына биз гана эмес, дүйнөлүк коомчулук да күбө. Тээ Майрамдын доорунда да, Максимдин доорунда да, андан келип Атамбаев жетектемиш болгон Шоопурдун доорунда да мындай негативдүү процесс токтоонун же акырындоонун ордуна, убакыт өткөн сайын күчөп жүрүп отургандыгын ким танат? Бул көрүнүш айрыкча Шоопурдун доорунда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, кыргыз коомчулугу коррупциянын сазына биротоло батып, бийликтин, болгондо да жогорку бийликтин кадыр-баркы биротоло кетип, элдин ага болгон ишеними талкаланды. Бул трагедиялуу көрүнүш Майрам, Максим доорлорунда үй-бүлөлүк подряддын ыкмасы менен тамырлаган болсо, өз тагасы каргаган Шоопурдун доорунда кландык-бандалык топтун талап-тоноосуна гана дуушар болуп токтоп калбастан, акыркы жылдардагы жети баштуу бийликке сын айткандарды аёосуз куугунтуктап, саясий буюртма-жалаалардын негизинде узак мөөнөттөргө түрмөгө камоолор менен улантылды. Төмөндө маектешибиз мурдакы партиялык-советтик жетекчи, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, соңку мезгилде “Элдик парламент” коомдук уюмунун саясий кеңешинин мүчөсү, кечээки зек, мурдакы атеист, 70 жаштагы Тойгонбек ажы Калматовду жогорудагыдай ойлордун төгөрөгүндө кепке тарттык.

— Баарын эле айткандай болдуңуз. Дача СУдагы кыйроонун натыйжасындагы 40 кишинин өлүмүн, далайладын майып болуп калгандыгын айтпай кеттиңиз…

— Дача СУдагы 2017-жылдын 16-январындагы кыйроого, 39 адамдын өлүмүнө, самолётко жүктөлгөн 250 миллион долларлык уюлдук телефондордон, компьютердик техникалардан, алтын куймаларынан жана мыйзамсыз акчалардан турган контрабандага байланышкан өзгөчө оор кылмышка да Атамбаев күнөөлүү. Муну өткөн жумада Түркиянын чалгындоо кызматы тараткан официалдуу маалымат далилдеп отурат. Аталган маалыматта жогорудагы контрабандалык байлыктар Атамбаевге таандык экендиги, ошонун күйүтүнөн президент ичип алып, оңкосунан сайылып, өлгөндөрдүн туугандарына көңүл айта албагандыгы, бул кыйроого чейин да ал самолёт Кыргызстанга кеминде 50 жолу контрабандалык товарды алып келгендиги айтылган.

Текебаевдин жалаага кабылып, анын натыйжасында узак мөөнөткө камалып кетишине да ошол Атамбаевдин аты менен түздөн-түз байланышкан Дача СУ каргашасы себеп болгон. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ошол кезде Текебаев Алмазды Дача СУ каргашасына түздөн-түз айыптап, импичментке алпаратпады беле? Муну моюнга алгысы келбеген Атамбаев уялбай, “Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар пара алган” деген жомокту токуп, тергөөчүлөр менен сотторго жадыбалдай жаттатып отурат…

— Муну менен Атамбаевдин өзүн узак мөөнөткө түрмө күтүп отурат демекчисизби?

— Ооба. Сөзсүз. Учурда Атамбаев өзүнүн инсандык, саясий адепсиздиги жана уятсыздыгы менен президент Сооронбай Жээнбековдун ишеничинен ажырап, кечээ эле өзү боктоп, жалаа жаап, каматкан душмандарына бийликке каршы биригели деп, пастык кылып, жалынып жаткан учур. Нариман Түлеевге, Ахматбек Келдибековго, Камчыбек Ташиевге: “кечиргиле, жарашалы, Сооронбайга каршы биригели” деп, тымызын киши салып, жалынып жаткандыгын эл уккан жок дейсиңерби? Жакында Атамбаевдин түздөн-түз жалаасы менен зомбулукка кабылып, узак мөөнөткө түрмөгө кесилген Садыр Жапаровго да: “кечир, жарашалы, биригели, мен сени Жогорку Соттон таптаза кылып актатып чыгарып алам” деген дубай саламы да коомчулукка жарыя болуп кетти.

(уландысы бар)

Булак:  “Жаңы ОРДО”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу