САПАР ИСАКОВ «ТАЗА КООМ» ДОЛБООРУНУН КАРЖЫ БУЛАКТАРЫН АЙТЫП БЕРДИ

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков «Таза коом» долбоорунун каржы булактары тууралуу айтып берди.

Ал долбоордун көп бөлүгү көп каражатты талап кылбай турганын белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн саясий эрк керек экендигин билдирди.

“Айрым долбоорлорго салынган каражаттар кайтарымдуу жана бул абалда жеке сектор маанилүү роль ойнойт”,-деди ал.

Ошондой эле Исаков өнөктөштөргө Таза коом» программасын ишке ашыруу үчүн атайын трасттык фонд түзүү сунушун айтты.

“Фонддун иштөө принциптери максималдуу түрдө ачык жана айкын болушу керек. Фондду башкаруу чет элдик фонддордун тажрыйбасындай болушу керек” ,-деди Сапар Исаков.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу