Равшан Жээнбеков, саясатчы: «Атамбаев партиясын тарттырып жиберсе, башка партия түзүп шайлоого барарын так билем»

 — КСДП партиясынын “кожоюну” Сагынбек Абдрахманов деп Адилет министри расмий түрдө каттады. Бул күтүлгөн окуя беле? Атамбаев партияны колдон бат эле чыгарып жиберүүгө даяр болчубу?

— КСДП партиясынын ичиндеги талаш көптөн бери коомдук мейкиндикте, маалымат каражаттарында кызууталкууга түшүп жаткан окуялардын бири болуп калды. Бийлик Атамбаевден бул партияны тартып алгысы келип жатат, мурунку президент болсо партияны бербегенге болгон аракетин кылууда. Биз канткен күндө дагы Кыргызстандагы реалдуулукту карашыбыз керек. Кыргызстанда партиялар адам менен тыгыз байланышкан. КСДП дегенде Атамбаевдин партиясы деп баардык адамдар ойлойт. Ошондуктан, бийликтин Атамбаевдин партиясын тартып алып жатканы биринчиден туура эмес, саясий маданиятка жатпаган иш болуп эсептелет. Экинчиден, мамлекеттик уюмдардын ушул партиянын ичиндеги эки тараптын бирөөсүнө кошулуп, тез арада кайра каттоодон өткөрүп жатканы, өздөрүнүн базасында өзгөртүүлөрдү киргизип жибериши туура кадам болбой калды. Атамбаев көп жылдардан бери саясатта жүргөн адам. Мурунку президент катарында дагы башынан көп нерселерди өткөздү. Ошондуктан, Атамбаев партиясын тартып алып жаткандан кийин баардык нерсеге даяр болуп олтурат. Партияны тартып алса эмне кылам? Сактап калсам кандай кадам таштайм?- деген суроолорго жооп даярдаган болсо керек. Шайлоо келе жатат, партиясынан ажырап калса деле шайлоого кантип барам?  дегенге жообун даярдап олтурат деп ойлойм. Ал бийликте турганда көп нерселерди жасаган. Бүгүнкү бийлик ага оппозиция катарында көп нерселерди жасаганга мүмкүнчүлүгү бар экен,жасай аларын түшүнүп жатса керек.

— КСДПны алдырган Атамбаев кийинки шайлоого кайсыл партия менен барышы мүмкүн? Өзүнүн шайлоого катышууга каалоосу барбы? Партиядан ажыроо Атамбаев үчүн катуу эле сокку болдубу?

— Кыргызстандагы профессионалдуу саясатчы утса дагы, утулса дагы дайыма шайлоолорго даярданат. Мен дагы саясатчы катары шайлоого даярданам, баардык шайлоолорго барганга аракет кылам. Ошол сыяктуу Атамбаев деле келерки шайлоого даярданып жатат деп толук ишенем. Ал сөзсүз шайлоого барат. Андан башка жолу жок. Эгерде партиясын тартып албай турган болсо, өзүнүн партиясы менен чыгат. Партиясын тарттырып жиберсе, Атамбаевдин башка партия түзүп шайлоого барарын так билем. Башка партиялар менен дагы келишимге барып, Союздаш болуп чыгууга даярданып жатат деп ойлойм. Атамбаев үчүн бул окуя чоң трагедия эмес. Менин партиямды деле тартып алып жатса, мен үчүн деле трагедия болмок эмес.

Маектешкен Темирлан ТОКТОБОЛОТОВ 

БУЛАК: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу