Президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү коомчулуктун талабына төп келүүдө

Сооронбай Жээнбековдун тушунда ири коррупциялык схемалар аныкталып, бир катар чоң кызматтарда иштеген аткаминерлерге кылмыш иштери козголууда. Ири коррупциялык көрүнүш боюнча козголгон кылмыш ишинин башкы каармандары Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, энергетика системасынын мурдагы жетекчилери жана борбор калаанын ЖЭБиндеги уурулукка шек жараткан чет элдик жарандар учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. Булар негизги магнаттар, миллионерлер, чет элдик ири компаниянын мүчөлөрү, сымдары булганган инвесторлор. Жогоруда аты аталган мурдагы аткаминерлердин көпчүлүгү учурдагы бийликтин колдоочулары болгон. Ал эми коомчулукта мультимиллионер Алмазбек Атамбаев качан камалат деген суроо курчуп турат. Антикоррупциялык процесстер намыстын ишине айланып, анын аягына чыгышы, Улуттук тарых музейиндеги, Чолпон-Атадагы ат майданын курууда уурдалган акчалар боюнча козголгон кылмыш иштердин туура нукта баратканы президент Жээнбековдун эл арасындагы рейтингин да көтөрүүдө.

Ошентсе да элибиз уурдалган акчалардын, тонолгон миллиондордун бюджетке кайтарылышын күтүүдө. Президент муну өзү да абдан жакшы түшүнүп турат. Уурдалган акчалар кайтарылбаса бир топ жылга чейин пенсияны, социалдык жөлөк пулдарды, маяналарды көтөрүүгө мүмкүн эмес. Анткени, акыркы 6 жылда өлкөнүн социалдык абалы кескин начарлап кеткен. Ал эми жалпы мамлекеттик деңгээлде демилгеленип жаткан кылмыш-укуктук базаны жана адам укуктарын коргоо, сот системасын өзгөртүү, соттук отурумдарын видео-байкоо аркылуу өткөрүү, соттук чечимдердин электрондук вариантын коомчулукка жарыялоо боюнча маселелерди президент өзү да колдоого алууда. Жээнбеков сот жана укук коргоо органдарын реформалоодон четте калбайт. Ал жакта тартип болуу үчүн алгач күчтүү, таасирдүү Антикоррупциялык кызматты түзүү керек. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатканы менен аны аны аягына мыйзам негизинде чыгарууга көмөк кылган орган жок. УКМКнын астында түзүлгөн Коррупцияга каршы кызмат боюнча түрдүү талаш-тартыштар бар.

Дагы бир маанилүү жагдай, мыйзамдан кол тийбестик деген норманы алып салуу керек. Анткени, айрымдар коррупциялык иштерге барып, бирок мандаттын күчү менен жоопкерчиликтен кутулуп кетүүдө. Өлкө эгемендүүлүк алганына 26 жылдан ашса да ошол мезгилден бери кол тийбестик түшүнүгүн мыйзамдан ала албай келебиз. Мындай убадалар шайлоо астында нечен ирет айтылганы менен ишке аша элек. Ошондой эле аткаминерлердин өздөрүнүн, досторунун, туугандарынын банктагы эсептерин катуу текшерүү керек.

Тилекке каршы, Кыргызстанда чиновниктердин айлыгы аз болгону менен өздөрү кымбат баалуу жолтанбастарды минип, хансарайларда жашап туруп декларациясында итке минген кедей болуп чыга келет. Азыр болсо көпчүлүк Сооронбай Жээнбековду жетеленме саясатчы эмес, тартипти бекем кармаган, уурдагандарды аябаган, өзүнүн көз карандысыз мүнөзү бар лидер катары тааный баштады. Ошол үчүн да анын пландарынын ишке ашышын коомчулук кубаттап жатат. Кандай гана план болбосун аны ишке ашырып, аткарыла турган иштерди уюштура турган Президенттик аппарат, өкмөт натыйжалуу иштебесе ал кагаз жүзүндө гана калат. Анын айынан бир “коррупционер” колго түшсө, башкасы бийликтин бир бурчун ээлеп жата берет. Андыктан “Ак үй” менен “Көк үйдү” петенциалдуу коррупционерлерден да тазалоо керек. Кандай гана план болбосун аны ишке ашыруу үчүн бүтүндөй команда кычактабай иштесе.

Президент болсо коррупцияга каршы күрөшүүгө, анын тамырын кыркууга олуттуу киришти. Муну менен өлкө башчысынын командасына жаш, амбициялуу, булганбагандар тартылууда. Жакында коомдук тартипти күчөтүү, жарандардын укуктарын, коопсуздугун коргоо максатында жарандык коомдун белгилүү мүчөсү Темерлан Ибраимов башында турган жумушчу топ түзүлдү. Ал эми жарандык коомдун оюн угуп, аларды мамлекеттик башкарууну реформалоого тарткан президенттин аракети жогору бааланууда. Мурдагы бийлик бейөкмөтчүлөрү кандай жерип келгенин жакшы билебиз. Сооронбай Жээнбеков мындай аракети менен күчтүү укуктук өлкөнү курууга аракет кылып, сапаттуу кадрларды тартууда. Эрк болгон жерде натыйда чыгат. Тескерисинче болгондочу… Бизди коррупция менен уурулук муунтуп коет.

Булак: Маалымат.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу