Орозбек Молдалиев, эксперт, коомдук ишмер: “Эл жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн колдойт, Атамбаевдин бийлиги элди тажаткан”

Кыргызстандагы соңку чуулгандуу камоолор өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасир бериши мүмкүн?
—         Эл бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн колдойт, күтүп жаткан. Керек болсо чыдамсыздык менен 35 коррупционердин тагдырын сурап жатышкан. Биринчиден, коррупциянын айынан турмуш кыйын болуп жатканын эл жакшы билет. Экинчиден, кеткен бийлик 2016-жылдан кийин элди тажатып, ар кандай окуялар болуп кетти. Кошуналар менен чатактар болду, Казакстан менен чек ара жабылып, Түркия менен мамиле салкындады. Ушундай шартта коомчулук жаңы бийликтин келишин, айрым маселелерди жөнгө салышын жакшы кабыл алып жатат.
Ал эми камалгандар тууралуу сөз кылсак, алар өздөрүнө саясий куугунтук болуп жатат деп билдирүү таратып жатышат. Бирок буга негиз жок. Себеби, азыркы бийликти КСДП сүйрөп келип бийликке отургузду. Өзү КСДПнын көрүнүктүү лидерлеринин бири. Ошондуктан бир партиянын ичиндеги адамдарга кандайча саясий куугунтук болушу мүмкүн? Экинчиден, Жогорку Кеңеш Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөөнү дээрлик бир добуштан кабыл алды. Үчүнчүдөн, ЖЭБдеги коррупция боюнча комиссия ишти аягына чейин текшерүүнү сунуш кылды. Аны да бардык эле депутат колдоду. Демек, бул жерде кандайча саясий куугунтук болушу мүмкүн?
—         Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча камалгандар бүт экс-президент Атамбаевдин командасында иштеген адамдар болуп жатат. Ушундан улам бул көрүнүшкө Момбеков сыяктуу депутаттар саясий максаттагы тазалоо аракети деп баа берип жатышат.
—         Момбеков партиялаштарына болушуп жаткан сейрек депутаттардын бири. Бирок чечим кабыл алууда ал деле көпчүлүккө кошулган. Андыктан ал позициясын өзү билсин. КСДП бийликтин башында турса, анан, албетте, коррупцияга бийлик башындагылар аралашат да. Анан бийликте жок сиз экөөбүз кайдагы коррупцияны жасайбыз? Андыктан чоң жемкорчулукка бийликтегилер катышат. Бул КСДП партиясын ойлонто турган маселе. Алар алдыңкы кадрларын жогорку кызматка тизме менен коюп жатышат. Анан ошолор ушундай кылса, партиянын абалы кандай деген ой келет. Жээнбековго рахмат, өзү чыккан партияны тазалап, өз сөзүндө туруп жатат. Ал «Досума да, тууганыма да карабайм, аягына чейин барам» деп айткан, аны баарыбыз жаттап алганбыз. Эл ошону күтүп жатат. Ошондуктан соттун чечимин күтүшүбүз керек.
—         Камалгандар бүт КСДПнын адамдары. Бирок эмне үчүн КСДП башкарып турган Жогорку Кенеште аларга анчалык колдоо жок болуп жатат? Бирин-серин гана депутаттар жан тартып сүйлөп жатышат.
—         КСДП туура позицияда туруп жатат. Башкача айтканда, кылмыштары болсо жооп берсин деген пикирде болушту. Бул жерде айрымдар КСДП кризисте деп жатат, буга негиз бар. Себеби, марттагы курултайда партия мүчөлөрүнүн бир тобу чакырылган жок, кээлери киргизилбей калды. Киргендеринин суроосуна жооп болбой, айрымдары чыгып кетти. Ошондуктан бул партия азыр бийликте отурганы менен, чоң кризис бар. Булар ушунун үстүнөн иштеши керек.
—         Коомдук пикир ар түрдүү болуп жатат. Колдогондор да, сындагандар жетиштүү. Эрдик кылсан сүрө кыл деп мурдакы баш прокурор Жолдубаева менен УКМКнын башчысы Сегизбаевдин да жоопкерчилигин караш керек дегендер да болууда.
—         Эгерде кылмышка тиешеси бар болсо, алардын да жоопко тартылары ачык эле болуп жатат. Укуктук мамлекет курабыз дегенден кийин бардыгы укук талаасында ишке ашышы керек. Эгерде Алмазбек Атамбаевдин дагы кылмышка тиешеси бар экени далилденсе ага кол тийбестиги тоскоол боло албайт. Азыркы эле мыйзамдар менен ЖК добуш берип сот жообуна тартканга мүмкүнчүлүк бар. Жээнбековдун оозунан «Досума да, тууганыма да карабайм» деген сөз бекер жерден чыгып кеткен жок. Досу деп ишенимдүү айтып жатканымдын себеби, досунун оң колун камап койбодубу, сол колу деле, кылмышка тиешелүү башка жакындары деле камалып, сурак берип жатпайбы. Президент өзү коррупция боюнча айткан 35 кишинин тизмесине тийе элек. Булар ЖЭБдеги авария боюнча эле чыгып калган кишилер. Ал киши 35 кишинин тизмеси тууралуу айтып жатканда, булардын бардыгы бир партияда болчу, Исаков өкмөт башчы эле. ЖЭБдеги чыр дагы баштала элек болчу. Тактап айтканда, президент ал сөзүн күзүндө айткан. Ошон үчүн 35 коррупционерди дагы күтүп жатабыз.
—          Өзүңүз белгилегендей, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин оң колу баш болуп камалды. Эми экс-президенттин мындан аркы кадамы кандай болот деп ойлойсуз?
—          Буларда оппозицияга барбагандан башка аргасы жок. Чындыкты айтыш керек, оппозицияга барбаса андан да чачырайт, ансыз да «Форумдагы» эле мүчөлөрү калды. Айланасында өтө көңүлүн кыя албагандар гана калды. Алар көп деле «аба-ырайы» жасап бере албайт. Айылы деле нааразы. Ошондуктан жакшы лозунг менен оппозицияга барышы керек. Адегенде, партия өз ишмердигине анализ жасоосу зарыл. Калган-каткан, араң жабышып жүргөндөрдөн арылышы керек. Тазалануу өзүнөн башталат.
Булак: Би-Би-Си

Аргумент.kg
Жооп калтыруу