Оксфорд университетинин студенти, экономика илимдеринин доктору Назик Бейшеналы коомдук башталышта Премьер-министрдин кенешчиси болуп дайындалды

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Назик Бейшеналы коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрдин Кенешчиси болуп дайындалды.

Назик Бейшеналы – Кыргызстандын 200дөн ашык айыл чарба кооперативдерди бириктируучу, Кооператив союзунун (биримдиктин) Президенти. Анын демилгеси менен 2013-жылдан бери жыл сайын Эл аралык кооперативтердин форумдары өткөрүлөт.

Өзүнүн  эмгек ишмердүүлүк жылдары КРнын НИСИнин директордун орун басары, КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын изилдөө жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору, БУУнун КР Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын саясий маселелери боюнча кеңешчиси жана ошондой эле БУУнун системасында улуттук жана эл аралык конусультант катары эмгектенген.

Учурда ал Англиядагы Оксфорд университетинде «Мамлекеттик саясат политика»  багыты боюнча билим алат. Экономика  илимдеринин доктору.

Назик Бейшеналы 1979-жылдын 9-ноябрында Бишкекте төрөлгөн. Белгилүү коомдук ишмер, профессор, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты Рахат Ачылованын кызы.

Булак: inter.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу