Надырбек Сооронбаев , “Мурас” коомунун тѳрагасы, Миграция кызматынын коомдук ѳкүлү:  “Чет жерде эмгектенген баардык мекендештер мекенибизге кайтып барабыз”

 

Алыскы жерде жашап иштеп, ошол эле учурда коомдук иштерге тынымсыз катышып келген мекендешибиз Надырбек Сооронбаев эл үчүн кызматын кылып келет. Алсак,  “Мурас наследия” коомун негиздеп, Россиядагы миграция ѳкүлчүлүгүнүн коомдук кеңешинин коомчулук менен иштѳѳ боюнча ѳкүлүнүн кызматын аркалап,  диаспоранын кеңешинин тѳрагасынын орун басарларынын бири болуп иштеп келген. Бул чет жерде жүргѳн мекендештер үчүн аздык кылып жатат деп бир багытка бет ала албай турган жаш ишкерлерге демилге берүү максатында белдүү улан-кыздардан турган МАП эл аралык ишкерлер ассоциасиясын негиздеп келди. Бул ассоциацияда багыт алып, бизнестик билимин улап, тажрыйба алмашып жаткан мекендештердин саны улам ѳрчүп барат. Кыргыз эли үчүн кѳмүскѳдѳ ат кѳтѳргүс кызматтары тууралуу маек курдук. 

Алгач ѳзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, Москва шаарында эмне иш менен алектенесиз?

-Жеке ишкермин. Москвада иштегениме он жылга жакындап калды. Курулуш материалдарын сатуу жана алардыүйлѳрүнѳ жеткирип берүү менен алектенип келем. Жети-сегиз жылдан бери курулуш материалдарын саткан чоң фирмалар менен да иштешип келем, Эми Москвада жумуш табуу кыйын эмеспи, мекендештериме бир аз болсо да кѳмѳктѳшкѳнүм аларды жумуш менен камсыздап келем. Менде иштеген жигиттер туруктуу жумуш жана айлык акы менен камсыздалган. Алар курулуш материалдарын сатуу менен бирге кардардын айткан жерине жеткирип беришет. Мындан тышкары кыймылсыз мүлк менен алектенип келем. Мекендештерибиз жаңы келгенде жашаганга жай табуу деле бир топ оорчулукту жаратат эмеспи, андыктан биздин кызмат кепилдиги менен батир таап берип, үй сатуу же сатып алам дегендерге кѳмѳктѳшүп алардын оюндагыдай квартира таап беребиз. Ал эми жумуштан сырткары коомдук иштерге байма-бай катышып келем.

-Коомдук иштерге катышам деп калдыңыз, жеке кызыкчылык болсо керек?

-Коомдук иштерге жигердүү катышканымдын себеби алыскы жерде мекендештерибизге кол сунуп колуман келген жардамымды берүүгѳ аракет кылам. Андай жеке кызыкчылыктарым жок. Буга чейин Кыргызстанда жашап жүргѳндѳ эле коомдук иштерди калтырбай катышууга аракет кылчумун. Эми бѳтѳн жерде жүргѳндѳн кийин алдыга максат коюп иштейсиң да, мен бир гана жеке бизнесимдин кызыкчылыгын карабастан коомдук иштерге да убактымды бѳлүүгѳ жетишем. Диаспоралар менен байланышып, бул жерде жеке ишкерлик кылсам деген идиректүү жаштарга жол кѳрсѳтүү максатында жети дубандын улан кыздарынан турган МАП эл аралык ассоциациясын негиздеп чыктык. Азыр ондон ашуун жеке ишкерлер ѳз салымын кошуп жатышат. Биздин ассоциациясынын максаты жаш ишкерлерге багыт берүү, тажрыйба алмашуусуна кѳмѳктѳшүү болуп эсептелинет.

-Чет жердеги кыргыздар ынтымак жыйындарын уюштуруп келишет дешет, сиздердин кылган иш чараңыздар тууралуу баяндай кетсеңиз?

-Чет жерде жүргѳндѳн кийин мекендештер бир жакадан баш бир жеңден кол чыгаргандай ынтымактуу болуп, бири бирибизди колдоп турушубуз ар бирибиздин мойнубуздагы жарандык милдетибиз деп эсептейм. Мекендештердин башып бириктирүү максатында 3-январда “Ырыс алды ынтымак ” аттуу жыйналыш уюштурдук. Буга аксакалдарыбыздан  тартып, мамлекеттик расмий ѳкүлдѳр жана жаштарды чакырып Москвада жигердүү иштеп жүргѳн жигиттердин башын бириктирдик. Учурда отузга жакын коомдук уюмдар, активистер биригип, биримдикте иш алып баруудабыз. Ушундай элим деген мекендештерибиздин жардамы менен ар кандай кырсыктарга кабылган мекендештерибизге, алардын жакындарына жардам кѳрсѳтүп келебиз. Нооруз сыяктуу чоң-чоң майрамдарды уюштуруп, алыс жерде экенибизди билгизбей жергебизгеи маанайды тартуулаганга аракет кылдык.

-Максатыңыздар кандай?

-Биздин максат мамлекетибизди карап отура бербей бири-бирибизге кол сунуп ѳлкѳнү алга сүрѳѳ болуп саналат.Учурда жаш ишкерлерге ар түрдүү бизнес тренингдерди ѳткѳрүп, аларды окутуп келебиз. Бул биз үчүн чек эмес, эми башка шаарларда иштеген мекендештерибиз менен тыгыз байланышып,  бири-бирибизге кѳмѳктѳшүп, тажрыйба алмашып келебиз. Мындан тышкары ѳзүм негиздеген “Мурас наследия” коомдук уюмунун иштери менен алектенип келем.

-Санк-Петербургдагы жардыруу боюнча айта кетсеңиз…

-Сак-Петербургда болгон жандыруу бул чоң кырсык. Албетте мындай кырсыктарда карап турбай колубуздан келген жардамдарыбызды берип келебиз. Жардыруудан каза болгондордун жакындарына кѳңүл айтуу менен кырсык болгон жерге барып каза болгондорго гүл коюп келдик.

-Саясатка аралашып, кызмат ээлеп элге мындан да жеткиликтүү жардам берүү дегенди кандай кабыл аласыз?

-Эми саясат тууралуу айта турган болсом сѳзсүз эле бир кызмат орунду ээлеп, депутат же министр болуп элге жеткиликтүү кызмат кылам деген түшүнүк караңгылык деп ойлойм. Угуп, кѳрүп эле жатабыз го кызматка келсем ойрондотом дегендерди. Кызматтасыңбы же жѳнѳкѳй эле жарансыңбы элиңе жардам бергиң келсе сенин кызматтык статусуң керек эмес. Ар кимибиз дилибизден колдон келишинче жардам берсек мына ушул эли үчүн кызмат кылуу менен барабар.  Биздин кылган иштерди эл таразалап, баалап, каалап мүмкүн саясат айдыңына чакырып калса кудайдын буйругу менен барып калаарбыз. Буйрук болбосо эл арасында эле элибиз үчүн колубуздан келген кызматтарды кыла бермекчибиз.

-Садыр Жапаров мигранттарды чогултуп Россиянын ар кайсы шаарларында жыйын ѳткѳрдү. Бул тууралуу кабарыңыз барбы?

-Ал эми Садыр Садыр жѳнүндѳ айта турган болсок, мен жалпы мигранттардын атынан жооп берүүгѳ акым  жок. Себеби, ар бир адамдын ѳзүнүн тандоосу, каалоосу болот. Ар ким ѳзү чечет. Ошондуктан ал боюнча элдин атынан жооп бере албайм.Садыр Нуркожоевичти колдогондор да, колдобогондор да бар. Бул боюнча ар ким ѳзү чечет.

-Канткенде Кыргызстан ѳнүгѳт?

-Кудай буюрса мамлекетибиз оңолот, ѳнүгѳт деген ишеним чоң. Бийлик бутактарында жаш кадрлар иштей баштады. Алардын эли үчүн иш алып барышкандары бизди кубандырып келет. Буюрса чет мамлекетте эмгектенип жүргѳн мекендештерибиздин үмүтү чоң. Стабилдүүлүк болуп турса эл үчүн барып кызмат кылууга даярбыз. Колубуздан келген аракеттерди кылабыз. Акча, тааныш менен эмес эмгек аракети менен иштеп жаткан чет мамлекеттеги жаштарды кызматка тартса ал жактан алган тажрыйбасы менен бѳлүшсѳ дагы ишкерликти ѳнүктүрсѳ тез эле Кыргызстан тез эле ѳнүгѳбүз деп ойлойм.

-Кыргызстанга келүүгѳ ниетиңиз барбы?

-“Туулган жердин топурагы алтын” деп бекеринен айткан эмес, албетте бул жакта иштеп жүргѳн баардык мекендештерибиз кайтып барабыз. Бул чындык. Кудай буюрса жакынкы аралыкта балдарым ѳз мекенибизде билим алат деп турабыз. Азыр балдарымдын улуулары коллежде, ал эми кичинекейлери мектепте окуп жатышат. Дагы бир-эки жыл иштеп, тажрыйба топтогондон кийин барабыз.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу