Масалиев: «Экономика министрлигине талапкер кыргыз тилин билбейт»

Депутат Исхак Масалиев Экономика министрлигине сунушталып жаткан Артем Новиковдун кыргыз тилин билбегенин сынга алды. Эл өкүлү Новиков бир топ жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келетканын эске алганда, кыргыз тилин билиши керек болчу деп эсептейт.

Ал эми Артем Новиков кыргыз тилин түшүнөрүн бирок сүйлөй албай турганын айтты. Премьер-министрликке сунушталып жаткан Сапар Исаков болсо Новиковго тилди эми үйрөтүшөөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети өкмөт башчылыкка талапкер менен министрлер кабинетинин жаңы курамын карап жатат.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу