Манас ордо коому, чет өлкөдө эмгек майданында жүрүп каза болгон жаштарга жана Унаис Анарбек уулунун жаркын элесине арналган республикалык төкмө акындар айтышына чакырат.
Айтыштын тандоо туру 8-апрель күнү, саат 10:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт. Ал эми тандоо турунан өткөн төкмө акындарыбыз 9-апрель күнү саат 17:00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында акындардын аламан байгесине ат салышат.
Сурап билүү телефон: 0709-016006, 0557-90-60-89, 0777-01-60-06.
Каганат.