Макгрегор коомдук жумушка тыртылды

UFCнын мурдагы жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор беш күнгө коомдук жумуштарга тартылып жана атайын курстан өтөт. Ал апрелдеги орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бараткан автобуска кол салгандыгы үчүн ушундай жаза алды.

«Спорт-экспресс» …. маалыматына караганда мушкер эң жеңил жаза алды. Мурда спортчуну эки жыл эркинен ажыратуу каралып жаткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 7-апрель күнү UFCнын мурдагы ирландиялык чемпиону Конор Макрегор Нью-Йорк шаарынын борборунда бараткан UFCнын мушкерлеринин автобусуна кол салды. Автобуста Нурмагомедов өзүнүн командасы менен МаксХоллоуэ менен мелдешке чыгууга бараткан. Анда Макрегор терезелерди сындырып качып кеткен, бирок полиция кармаганда 50 миң доллар кепилдик берип бошотулган.

Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу