К. Кулматовдун адвокаты коомчулуктун башын неге айлантууда?

 

ММК булактарында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Россия Федерациясынын жараны эмес деген маалыматтар жарыяланды. К. Кулматовдун адвокаты Слесарев Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин берген жообуна таянып, “Эми мен коргоого алган Кулматовду бошотуу керек жана паспорт боюнча ага козголгон кылмыш ишин токтотуу керек” деп чыгууда.
Бирок, УКМК бул маалыматтын так эмес экендигин жана ал коомчулуктун башын айлантып жатканын эскертет. “Адвокаттын айтып аткан маалыматы чындыкка туура келбейт. Россиялык жарандыктын бар экенин же жок экенин билдире турган ыйгарым укугу бар расмий Россия Федерациясынын расмий органы – бул Федералдык Миграциялык Кызмат. Кыргызстандагы Россиянын элчилиги ыйгарым укуктуу органдын — ФМСтин расмий жообуна таянып гана айта алат”, — дейт УКМК.
Мындан сырткары, иликтенип жаткан кылмыш ишиндеги негизги басым К. Кулматовдун Россиянын жараны же жараны эмес экендигинде эмес, анын Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алып алгандыгында. Мындан бир ай мурун таратылган расмий маалыматка караганда, К. Кулматов Россиянын жараны болуп туруп, жараксыз (жоголгон) документтин негизинде Кыргыз Республикасынын паспортун алган. Буга байланыштуу ага 2018-жылдын 14-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 2-пункту (жасалма документтерди жасоо, колдонуу), 346-беренесинин 1-пункту (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМКнын маалыматы боюнча, К. Кулматов 1995-жылы 11-октябрда СССРдин паспортунун негизинде Россиянын жаранынын паспортун алган, демек ал Россиянын жарандыгын алган. Анан 1996-жылы 26-ноябрда Россиянын жараны болуп туруп, жараксыз болгон (жоголгон) СССРдин жараны деген паспортту пайдаланып Кыргызстандын паспортун алып алган. Ал паспортту Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук паспорт столунан алган. Андан кийин 2001, 2003 жана 2013-жылдары паспортун бир нече ирет алмаштырган, албетте Кыргызстандын.
Айтор, ток этерин айтканда, К. Кулматов паспорт столдун кызматкерлерин алдап, СССРдин жараны деген паспортту колдонуу менен Кыргызстандын да жарандыгын алып алган. Ошентип, ал бир эле учурда эки өлкөнүн жараны болуп туруп, анын үстүнө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы аз келгенсип, жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап келген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу