Кыргыз коомчулугундагы орунсуз берилген 10 суроо

Көп учурда биз өзүбүз байкабаганыбыз менен, орунсуз суроолордун берип жаныбыздагы адамды туура эмес жагдайга калтырабыз. «Бул кыргыздардын менталитети»,- деп жамынуу болбойт

Анда эмесе  төмөндө бир гана орунсуз суроолордун тизмеси гана эмес, аларга жоопторду дагы даярдап койдук.

1. Чү дегенде эле кыздарды тажаткан суроодон баштайлычы.  «Качан күйөөгө?» деген суроо берилген сайын столдун астына кире качпай , дароо эле телефонуңузду алып чыгып, Түркияга барып келген , достор менен эс алып жүргөн сүрөттөрүңүздү көрсөтүңүз да, жаныңыздагы адамдын өңү кубара баштаганын байкап отура бериңиз.

2. Бул суроону карысы дагы, жашы дагы бергенди жакшы көрөт. Албетте «ишиң эмне ?» деп катуу жооп берген болбойт. Бирок акчаңызды сизге ыңгайлуу болгон «валютага» которуп алыңыз да, шеригиңиздин оозун ачырыңыз. Мисалы: «акчам Bishkek Parkтан кийингенге жетет» же болбосо «Iphone 5тен бешти ала алам» деген сыяктуу.

4.  Ооба, бул суроо келиндерди, жеңелерди кууп эле жүрөт го дейм. Себеби биринчисинен кийин, «экинчиси качан?» Анан,  «үчүнчүсүн качан төрөйсүңөр?» деген суроолор түгөнбөйт. Кээ бир учурда суроо берген адам балким бул келин боюна бүтпөй жаткандыр же төрөй албайттыр деп дагы ойлонбойт. Ошондуктан, ардактуу келиндер башыңыздарды оорутпай, бул суроону берген адамга астрологияга кызыгып жатканыңызды айтып, «качан астра төлгөсү боюнча 13 белги жылдыздар менен куп келсе, анан төрөйм»,-деп коюңуз.

4. Той-ашты жакшы көргөн кыргыздар колуна стакан кармабай «жок, рахмат»,-деген адамды «ии, эмне болуп кетти?»,-деп шылдыңдай баштайт. Эгер ар бир адамга эмне үчүн алкоголдук ичимдик ичпей жатаныңызды айтып бергиңиз келбесе, болгону  ичинизди кармап 2-3 мүнөт жерге жата калыңыз. Ишенимдүү айта алабыз, суроолор такыр жок болот.

5. Бул суроону берген адамга эмне үчүн дин жолуна түшкөнүңүзду такыр эле түшүндүрүп бере албайсыз. Андан көрө эч нерсе дебей акырын кетип калыңыз.

6.Кээде адамга бир суроону жообун болгон күчүңдүн баарын топтоп алып түшүндүрүп берип жатсаң, ал кайрадан «Эмнеге?» же болбосо «Эмне үчүн?» деп жаныңды кашайтат. Ошондуктан канчалык жаныңызда отурган адамды чөмүч менен бир койгуңуз келип жатса дагы, сабыр кылып акырын кетип калыңыз.

7. Жеке жашоонузга тиешелүү суроо берилгенде: «абайлаңыз, бул суроо ден соолугуңузга зыян келтириши мүмкүн» деген эскертүүнү айткың келет. Сенин жеке жашооң менен бирөөнүн эмне иши бар дейсиң ичиңен анан. Бул учурда юморду колдонуп гана учурдан чыкпасаңыз, башка арга жок.

8. Эскерте кетели кыздар, «элдер жаман көрүп жатат» же болбосо «эл эмне дейт?» деп бойонбой койсоңуз, бул учурда алар «ден соолугуң жакшы элеби, өңүң башкача» деген сыяктуу суроолорду жаадырат. Андан көрө «бойонбосом балдар карабай жатпайбы» деп коюңуз.

9. Байкуш кыздар качан күйөөгө деген суроодон качып кутулбаса, балдар «үй, унаа алдыңбы?» деген суроодон жабыр тартып келет. Жашы 25ден ашып калган жигиттин  бир машинеси, үйү, аялы болуш керек. Атпесе уят, эл эмне дейт. Урматтуу мырзалар, бул суроого кабылсаңыз: «жер шаарын кыдырып келейин деп саякатка акча топтоп жатам»,- деп коюңуз.

10.  Биздин коомдо денесине сүрөт тарттырган жаштар акырындап көбөйүп жатат. Анан мындайга көнбөгөн кээ бир адамдар «кармап көрсөм болобу, бул эмнени түшүндүрөт»,— деп ичи-койнуңа киргенге аракет кыла башташат. Негедир бул абдан орунсуз экенин түшүнбөйт дагы. Ошондуктан  «акылсыз адамдардан жана алардын төрт бурчтук суроолорунан коргонуу үчун тарттырдым», — деп коюңуз.

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу