Кубатбек Байболов, коомдук ишмер, генерал: «Антитеррор уюмдары бул коркунучка даяр болуусу зарыл»

Адеп терроризм тууралуу. Тарыхый аналогиядан чыксак, Кыргызстан азыр болжол менен Орус империясынын XIX кылымдын акыркы жылдарын элестетет. Эске салсак, анда революциялык кыймылдар катуу кысымга кабылып, кризистик абалда турган. Бул жагдайда саясый сахнага Савинков, Каляев ж.б. террористтер чыккан. Менин оюмча, антитеррор уюмдары бул коркунучка даяр болуусу зарыл, бул биринчиси. Экинчи коркунуч, бул эл аралык, диний ишенимдерге жамынган террористтик, экстремисттик топтордун аракети. Буга да өтө кылдат даярдык керек. Андай даярдык Кыргызстанда бүгүнкү күндө барбы же жокпу, айтуу кыйын. Бир сөз менен айтканда, биздин өлкө терроризм, экстремизм коркунучунан толук арыла алдык деген түшүнүктөн алысмын.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу