Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Күздө төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн»

– Кубанычбек мырза, учурда президенттик шайлоого карата ызычуу күч алды.
Мындан аркы абал кандай болот деп ойлойсуз?

-Азыр өлкөдө саясий абал өтө жакшы дегенден алысмын. Өлкөнүн ичиндеги ар кайсыл
күчтөр гана эмес, сырткы күчтөр да жөн жаткан жок. Сырткы күчтөр да өз кишилерине
ставка коюп, жардам беришээри турган иш. Орусия кимге жардам кылса ошол президент
болот деп ишенгендер да көп. Талапкер болуп БШКдан каттодон өтүп жаткандар
азыртадан эле Москвада, Астанада чуркап жүрүшөт жардам сурап, колдоо күтүп. Мен
кыйратам деп тыйын-тыпыр сурап. Мына он жыл, жыйырма жыл саясатта жүрүп, азыр
президент болом дегендер да бар. Бирок аларга эл ишенбейт, “ушунча жыл жүрүп эмне
кылып койду эле, эми президент болуп жыргатмак беле” дешип нааразы болушууда.

-Сырткы күчтөрдүн ролу чоңбу же жалпы элдинби?

-Негизи элдин ролу чоң болуш керек. Бирок бизде ички-сырткы күчтөр шайлоодо чоң
ролду ойношот.
Алдыдагы шайлоого болуп көрбөгөндөй акча каражаты жумшалат, эми ал акчалар деле
ичип жегендердики, кошумча сырттан келгендер. Өтпөй калган талапкер шайлоого
кеткен акчасына ичи ачышат, сырттан каражат алгандарды сырткы күчтөр кысат, анан
албетте ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Алган акчаларын акташ үчүн төңкөрүш кылганга
да даяр турушат. Ошону менен катар кыргыз шайлоочулардын да ниет-пейли бузулган,
азыр айыл жериндеги эл менен сүйлөшсөң, баары күтүп жатат “ким канча берет экен?” –
деп. Анан бизде бир талапкер барып бир айылдын аксакалдарына жылкы союп сыйласа
мактап-жактап жеп алышып, арагын ичип алышып эртеси экинчи талапкердин да
жылкысын жешет. Анан шайлоонун таза өтөт дегенине мен ишенбеймин. Себеби,
ушунчалык көп каражат, ушунчалык көп талапкерлер болот, анан ошонун баары
добушту сатып алат. Анча каражатты жумшап коюп ал талапкер жөн калып калабы анан?

-Компьютердик шайлоого ишенесизби?

-Азыркы күндө мен жолуккан талапкерлердин көбү шайлоону мурункудай кылганда
жакшы болмок дешүүдө. Анткени компьютер дегенди жасап койсо болот экен. Таза
кылыш үчүн БШКда добушту санаган
серверде ар бир талапкердин өкүлү отурушу керек. Эмнеге Кореянын урнасын коюш
керек да, алардын маркерин колдонуш керек? Негизи азыр бардык жерде шариковый
ручкалар колдонулат, алар өчпөйт. Ал эми маркер деген өчөт экен. Бул жерде мандем
бар болуп жатпайбы.

-Бийлик кандай кадамга барат?

-Бийликтегилердин айтымында мамлекетте 300 миң кызматкер бар экен. Муну Атамбаев
өзү айтты. Бул деген 300 миң шайлоочубуз бар деген сөз. Мамлекеттик кызматкерлердин
баарысы эле Атамбаевди колдобойт да. “Таза коом” – деп жатышат, анысына мен
ишенбейм. СДПКнын өздөрүнүн ичи тынч эмес болуп жатат азыр. Ошол себептүү учурда
абал кыйын болуп турат. СДПКнын эле эмес, башка талапкерлерге да ичим чыккан жок.
Мен муну колдойм деп чечим чыгара элекмин.

Булак: “Ачык саясат”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу