Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Бийлик чектен чыкса, акыйкаттыкты талап кылып көчөгө кыйкырып чыгам”

– Кубанычбек мырза, сизди Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп чыкты дешет?

– 2005-жылы Сооронбай Жээнбеков экөөбүз Жогорку Кеңешке чогуу депутат болуп келгенбиз. Аны менен эки жарым жылдай чогуу иштештим. Адамгерчилик мамилебиз бар, бирок анчалык жакын болгудай экөөбүздө эч кандай негиз жок. Шайлоо жакындап калды, бул учурда бийлик элге эмес, эл бийликке көбүрөөк керек болуп жаткан убакта Жээнбеков менен жолукканым чындык, чай үстүндө жолугуп шайлоо тууралуу сүйлөштүк. Мындай чакыруулар, жолугуулар көп эле болот. Анткени бул убакта алар аябай иштей башташат эмеспи, иш-чарадан иш- чара уюштуруп дегендей.

Мен жолугушкан бир да талапкерге “мен сени колдойм, сага иштейм” – деп айткан жокмун. Анткени мен жарандык укугум катары өзүм тандайм ким менен иштешем кимге үгүт иштерин жүргүзөм. Бирок, эл чечет деп айткан менен андай эмес экенин баары эле билип калбадыбы, каражат менен административдик ресурс чечет болуп турат. Бирок татыктууну көрүү кыйын, келечек үчүн эшегине жараша тушагы детиртпей татыктууну шайлоого убакыт келди го дейм.

– Сапар Исаков менен туугандык жайыңыз барбы?

– Менин келинчегимдин апасы менен Сапар Исаковдун атасы уялаш бир туугандар болот. Бирок Исаков менен жеке мамилем жок. Мурда Бакиевдин жанында жүргөнүндө иштер менен кирип калчу, андан кийинки бийликке келгени тааныбай калган, учурашканга да жарабай калган ал жигит. Бул эми ушундай ар бир бийликтин тилин тапкан жигит экен да.

– Шайлоонун жыйынтыгы ызы-чуу жаратпайбы?

– Коңшу Өзбекстан мамлекетин карагыла тышкы карызы жок жашап келет ушу күнгө чейин, ал эми биздин карызды эсептесең төрөлө элек балаңан бери жетет. Мындай иштерди жөнгө салып туруу албетте бийликтен таасир этет дечи, мына ошол биздин бийлик алсыз болуп жатпайбы. Ал эми бийликтин алсыздыгы бул шайлоонун таза өтпөгөндүгүнөн кабар берүүдө да. Бурмаланган шайлоону канча ирээт өз көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп келе жатам.

Башы таза болбосо анан башталган иш түз болооруна ким кепилдик берет, кайдагы бир маркер менен шайлайбыз дейт. Бул эмне бизди алдагандыкпы же жасалган бюлльетендер билинбей калат дешүүдөбү? Андайды жащиги менен алып келип кошуп жатканын өз көзүбүз менен көрүп эле жүрбөдүк беле. Анан тажабаган убадаларын берип, газ келет, мунай келет деп кайра-кайра айтышат, келгендерин көрүп жатабыз го арзандамыш болуп кайра эки эсе кымбаттатып сатууда. Мунун баарына саясатчы катары карап отура албайт экенсиң, айтууга туура келет. Оппозиция деп кыйкырып, бөлүнө бергенибиз менен оппозицияны келген бийлик өзүнө өзү түзөт да.

Жада калса парламент, министрликтердин баарын өздөрү түзүп жатат да, анан барып-барып өздөрүнө өздөрү каршы чыгып, соңунда соттошуп калып жатышат. Мунун баарына ар бир саясий иш чарадан тарта, шайлоого чейинки иш-чаралар таасирин тийгизбей койбойт. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгон менен Орто Азияда өзүнүн ээлеген орду чоң. Ошого татыктуу мамлекет түзүүбүз керек. Буга чейин мамлекеттин тынчтыгы үчүн деп унчукпай келгем. Мындан ары адилетсиздик өкүм сүрсө, шайлоо таза өтпөсө мен да көчөгө кыйкырып чыгам.

– 31-август Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата берилген наам-сыйлыктар катуу талкууга алынып жатат. Буга сиз кандай карайсыз?

-Бул эми бүтпөгөн сөз болду го. Биз айта беребиз. Бирок эч ким укпайт. Бийлик чечип жатканы айдан ачык эле көрүнүп жатпайбы. Наамдын деле баркы кетти өңдөнөт, анткени башка өлкөлөргө салыштырмалуу генерал наамын алгандар бизде көп болсо керек. Акчалуулар, таанышы барлар алып жатканын түшүнүп эле калдык.

Мына мунун баары эле өлкөнү артка тартып жатат. Сыйлык берүү өзүнчө коррупциялашкан тармак болуп калды. Уят деген жок наам бергендерде. Жөнөкөй солдаттарга караганда бизде полковниктер менен генералдар көп. Эмгек сиңирген менен Эл артистин алгандардын арасында татыктуусу да бар, татыксызы да бар.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу