Замандаш, коомубуз кайда баратат?

Заманыбыз жакшырып, өнүгүү жолунда. Барчылык , кененчилик,  жашоонун жыргалын көрүп, өзүбүздү өзүбүз тааныбай,  баштан өткөргөн кыйын күндөрдү унуткандайбыз. Доордон-доорго алмашкан мезгилде,  адамзаттын  көз карашы таарып, бири-бирине болгон мамилеси  муздап, бийикке жеткенди бутунан тартып, көрө албастык, эки жүздүүлүк , кошоматчылык ушулардын баары биздин коомдон орун алды. Жашоонун мааниси жоголуп, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлоп, башканын оюн четке кагып , билим, акылга эмес акчага , байлыкка, мансапка басым жасап,  келечегибизди арам ойлор менен түптөп жатабыз. Улуу-кичүү дебей  бири-бирибизге болгон сыйды жоготуп,  адамдык сапаттан арылып «акты- кара», «жакшыны- жаман» деп, күнөөсүзгө күнөө коюп, суудан кургак чыккандар да жок эмес.

Биз кайсыл заманга туш болдук?  Келечексиз, күнүмдүк жашоосун ойлогон адамдар менен курчалдыкбы? Эч нерседен тайманбай мыкаачылык менен адам өлтүрүп, алдамчылык жол менен акча таап , жаш секелек кыздарга кол салып, зордук көрсөтүп, жаны төрөлгөн ымыркайларды каалаган бурчка таштап, жашообузду татаалдаштырдык.

Эркиндик жашоо бизди туура жолго багыттабай, тунгуюк жолго кептеп салдыбы?  Намыс дегенди жыйыштырып, бүгүн-эртең эне болом деген кыздарыбыз колуна тамеки кармап, эч нерсени көз астына албагандай. Күнүмдүк жашоосун ойлоп, кумарга баш-оту менен кирип, арам жол менен келечегин максатсыз түптөгөндөй. Каргадай жол четине тизилген кыздарда ар-намыс, уят деген нерсе кайда калды?

 

Жашоонун ар бир кырдаалына олуттуу карап, өзүбүздөн туура жолду ,максаттуу келечекти баштайлы!

«Азыркы заман башка»,-  деп заманды күнөөлөйбүз. Заман ошол бойдон. Болгону адам баласынын жашоого  болгон түшүнүгү таарып келет.

 

Акжуурат Эргешалыева

      Булак: ARGUMENT.KG

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу