Жанар Акаев «Таза коом» тууралуу: «Үйүндө чымчым талканы жок, кызынын аты Жармагүл»

Бишкекте 12-сентябрда «Таза шайлоосуз таза коом жок» аттуу кыймыл түзүлүп, анын бет ачары өтүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев: «Бүгүнкү жыйында «сен убагында ушинтип койгонсуң» деп бири-бирибизди айыптоону токтотсок. Азыр антип отура турган маал эмес. Биз элге түшүндүрүшүбүз керек, алар түшүнбөйт деп ойлойбуз. Бирок андай эмес экен, эл баарын билишет. Кандай баш аламандыктар болуп жатканынан кабардар. Азыр шайлоого карата административдик колдонулбай жатат дегендердин баарын мен жалганчы деп айтам. Жер-жерлерде колдонулуп эле жатат. Биз элге барып «коркпой добуш бергиле, силердин артыңарда биз барбыз» деп дем беришибиз керек», — деди.

Депутат «Таза коом» долбоору туура эмес коюлганын айтты. «Таза коом деп сөз кылбашы керек болгон адамдар долбоордо жүрүшөт. Кыргызда жакшы сөз бар «Үйүндө чымчым талканы жок, кызынын аты Жармагүл». Азыр ушундай эле болуп жатат», — дейт Жанар Акаев.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу