Бишкек ТЭЦи боюнча Атамбаевди жоопко тартып, аны кустурбаса коомчулук тынчыбайт

Биринчи май райондук соту 8-августта Бишкек ТЭЦиндеги коррупция боюнча айыпталган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди, Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди жана анын орун басары Жолдошбек Назаровду, Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекти 13-октябрга чейин камакта калды. Бул айыпталгандар эми коңур күздүн аягына чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурушат. Соттун мындай чечими коомчулук күткөндөй эле болду. Анткени, Кытайдан үстөк пайызы жогору келген карыздан бери дегенде 200 млн. долларды кымыргандарды эл да катуу жазалап, кустурууну талап кылууда.

Негизи эле ТЭЦти модернизациялоонун башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турган жана бардык каржылык жүгүртүүлөр анын уруксаты менен ишке ашкан. Буга чейин АША өз билдирүүсүндө аны моюнга алып, акыркы 6 жылдагы ири долбоорлордун баарына куратор болгонун айткан. Демек, козголгон кылмыш иши акырындык менен Атамбаевге жакындап баратат. Парламент күзүндө ишке чыкканда биринчи иретте Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин чечиши керек. Анткени, Бишкек ТЭЦи боюнча Атамбаевди жоопко тартып, аны кустурбаса коомчулук тынчыбайт.

Акыркы 6 жылда сырттан келген карыздарга чейин уурдаган АША баш болгон чиновниктер Кытайда төрөлбөй калганына сүйүнсө деле болот. Анткени, алар Кытайда туруп ушундай шылуундукка барганда жегенин кустуруп, өзүн чекеге атып, кеткен окту туугандарына төлөтүп алмак. Булар болсо ири өлчөмдө акча уурдагандан сырткары улуттук кызыкчылыкты да саткан. Мындай адамдарга Кыргызстан да өлүм жазасын колдонушу керек. Ал эми Бишкек ТЭЦи боюнча козголгон кылмыш иши сотко өтүп, андан жоголгон каражат эки эселеп кайтарылышы зарыл. Бул үчүн коомчулук да катуу туруп, Сапар Исаковго окшогон “шантажчылардын” оюнунан оолак болсо.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу