Атына заты жарашпай калган «Таза коом»

Таза деген сөздү колдонгон иштердин баары эле таза болбой турганын убакыт өзү далилдеп келет. Биз бул жолу Сапар Исаков демилгелеген жана ашынган атамбаевчилердин өкүлдөрүнүн “Таза коом” боюнча кандай “эрдиктерди” пландаганы тууралуу айтып берели деп турабыз. Анда көңүл буруп, аягына чейин окуп чыгыңыз.
Маселенин таржымалы:
2018-жылы Сапар Исаков камаларга чейин жана камакка алангандан кийин, ошондой эле жаңы өкмөт “Таза Коом” программасынан шектенип, андан баш тарткан соң экс-президенттин айланасындагы адамдар бул кооз ысымды колдонуу менен “Таза коом стратегиялык иликтөөлөр” борборун түзгөн. Аны болсо “Эдвайзер групп” аттуу юридикалык компаниянын атынан каттоодон өткөргөн.
Албетте, бул уюмдун уюштуруу жана финансылык иштери жазылган. Кызыгы, бул институтту түзүүнүн башында Сапар Исаков турган. Бирок, ал камакка аланганда анын ишмердүүлүгүн Атамбаевдин дагы бир аткошчусу Фарид Ниязов жүргүзө баштаган.
Баягы эле тааныш ысымдар:
Фарид Ниязов институттун ишмердүүлүгүн баштаганда эле Россия жарандары болгон эки адисти ишке тарткан. Булар ким дебейсизби? Алар кадимки эле Василивецкий менен Дмитрий Слепнев. Булардын ыплас иштерин жүргүзүүгө Кыргызстандын башка жарандары да көмөктөшө баштаган. Институттун кызматкерлерин бөлүштүрүү, сметалык чыгымдар жана айлык акылар да абдан кызык жагдайлар менен коштолгон.
Эң кызыгы бул институтту “Апрель” коомдук фонду каржылаган.
“Таза коом стратегиялык иликтөөлөр” борборунун директору болуп Сапар Исаковдун сунушу менен Талантбек Султанов дайындалган. Бул Султанов С.Исаков премьер-министр кызматында турганда анын кеңешчиси болуп иштегенин эскерте кетели. Ага фонд 1 миң доллар маяна чегерген.
Ал эми 2018-жылдын 28-августунда Т.Султанов Ф.Ниязовго кайрылып, кызматынан баш тартып, Атамбаев менен иштешүүнү каалабай турганын маалымдаган. Ошондой эле ал фондду каржылоонун келечеги жок экенин да билдирген.
Фонддун структурасы:
Фонд башында бир катар өкүлчүлүктөрүн ачууну мерчемдеген:
— фундаменталдык иликтөөлөр борбору, анда 3 кызматкер тынымсыз иштеп 800 доллардан маяна ала турган болсо, штаттан сырткары иштегендерге 400 доллардан айлык төлөп берүү пландалган.
— интернет менен иштөө бөлүмүн болсо “K-News” маалымат агенттигинин кабарчысы Гулиза Чодубаева жетектемей болгон. Анын эмгегин болсо 500 долларга баалаган экен. Ошондой эле бул бөлүмгө Улуттук банктын маалымат катчысы Нурай Марсты тартып, ага айына 300 доллардан төлөп берүүнү макулдашкан.
Кыргыз журналисттерди текейден арзанга баалаган экен. 300-500 долларга караганда россиялыктарга төлөгөн 2500 доллардын айырмасы бир топ. Аларга батир акчасы да кошумча 400 доллар берилмек. 7 блогерди 400 доллардан төлөп кошумча иштетмек болгон.
— Аймактык изилдөө борборунда Кундуз Жолдубаева ойноп-күлүш керек болчу.
Аймактарды ага беришкен. Анын фонддогу айлыгы 500 доллар, фонддогу иши менен эле бирге КСДПнын расмий өкүлү катары иш алып барышы керек. Бирок, ал жалгыз иштемек эмес. Ушул эле бөлүмгө россиялык политтехнолог А.Василивецкий ага жардам бериши керек болчу. Политтехнологго 2000 доллар жана 400 доллар батир акысын төлөмөк. Бизде чет өлкөлүктөрдү аларды башкача идеясы менен жактырышат. Бул керемет жаратуучулар эмне менен алектениши керек эле. Ар бир региондон 250 долларлык айлыкка 7 журналисти тартыш керек болчу.
ЖМКнен иштөө жана алардын монторинги бөлүмүн Сапар Исаковдун берилген кызматкери Гүлнүр Төралиева жетекетеш керек болчу. Булардын ар бири 300 долларлык айлык алышмак. Эми бул кыздардын саркеч кийимдери жана чет өлкөлөргө чыгуларына акча кайдан келгени түшүнүктүү болсо керек.
Фонддун жемиштүү иштеши үчүн кошумча иш катары иштеген бухгалтерди 100 доларга иштетүүгө да каражат каралган. Ошондой кыргыз орус тилин билген котормочу керек болчу. 300 доллар канцтоварларга жана материалдык чыгымдарга 150 доллар, командировкаларга 400 долар, маалымат жыйындарын өткөрүүгө типография чыгымдарына 150 доллар. Пландалбаган чыгымдарга 500 доллар, имаратты араендага алууга жылына 6000 доллар, комуналдык тейлөөлөргө 200 доллар.
“Таза коом” стратегиялык изилдөө борбору фонддунун ишин камсыздоо үчүн 20450 доллар айына керектелмек. 1 млн 400 мин сом жана 245400 доллар жылына же 16 млн. 800 мин сом троллдорго жумшалмак.
Картина толук болуш үчүн айта турган нерсе А.Василевский 2018-жылдагы кирешесин декларацияда көрсөткөн эмес.
А силер таза, таза дейсиңер чынында таза эмес экенин көрүндү. Бир суроо жаралат бул таза эмес фонддун катышуучулары жооп береби?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу