Атамбаевдин тушунда экономика кедерине кеткен

Алмазбек Атамбаев кандай президент болду? Анын президенттиги тушунда Кыргызстанда кандай өнүгүп-өсүүлөр болду эле?

Алмазбек Атамбаев кечээ өзүнө карата айтылып жаткан “ушактар” тууралуу көлөмдүү пикирин жарыялады. Анда өлкөнүн тышкы карыздары, экономикалык өнүгүүсү жөнүндө аргументтерин келтирген.

Атамбаевдин маалыматында, анын тушунда “өлкөнү караңгылык менен сенектиктин сазынан сууруп чыккан долбоорлор ишке ашкан”. Бирок, “учурда «фейк» (жасалма, ойдон чыгарылган) жаңылыктар адамды канчалык адаштыраарын, акты кара, караны ак кылганын көрүп жатканын” айткан.

Атамбаевдин бул айткандарын “Кактус.Медиа” ресурсу даярдаган төмөнкү статистика жокко чыгарып турат. Анда Алмазбек Атамбаевдин президенттиги тушунда Кыргызстанда эмгек акы менен пенсиянын, билим берүү менен медицина тармагына салынган каражаттын көлөмүнүн азайганы көрүнүп турат. Маалыматтар расмий булактардан чогултулган.

Маселен, 2012-жылы орточо айлык акы $228 болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч $214 экенин көрүүгө болот – айлыктын көлөмү беш жылда $14 азайган. Орточо пенсия 2012-жылы $88 болсо, 2017-жылы $80 болуп калган – айырма $8.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу