Асыкбек Оморов, жазуучу, коомдук ишмер: “Митингдерге каршымын, президенттин жакындары мурдагыдай анын ишине аралашкан жок”

— Ушул жылдын 7-апрелинде Мээрбек Мискенбаев баштаган апрелчилер 10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүшөт экен. Анда «үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол жок» деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп чыгышат дешүүдө. Ушундай митингдердин бизге кереги барбы? — Азыр Кыргызстанга митинг же ызы-чуунун кереги жок. Үчүнчү жолку революцияга жол бербешибиз керек. Эгер тополоң болуп кете турган болсо Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келип калышы мүмкүн. Андан көрө мыктыларыбыз элди бириктирүү, жалпы журтту ынтымакка чакыруу аракеттерин көрүшү керек. — Бирок, Мискенбаевге окшогондор Асылбек Жээнбеков президенттин ишине кийлигишип жатат деп, анын мандатын тапшырууну талап кылып жатпайбы? — Азыр президенттин жакындары мурдагы бийликтердин учурундагыдай анын ишине аралашкан жери жок. Анын аракеттери бир жылдан кийин билинет. Негизи эле бизге ынтымак керек. Манас баатыр Алтайда төрөлүп, Ала-Тоого келип элди бириктирген. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым” деп бекер айткан эмес. Азыр болсо жаныбыздагы коңшуларыбыз бизге күлүп жатат. Жарым жылга жетпей президентке ар кандай талаптарды койгондун өзү болбогон нерсе.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу