Артем Новиков, Экономика министри: «Быйыл бизде өндүрүлгөн продукцияларды экспорттойбуз».

Бүгүн Жогорку Кеңеште Артем Новиков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал өзүн кыргызча жакшы билээрин тастыктады. Анткени, Махабат Мавлянова быйылкы жыл президентибиз тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жылы» — деп жарыялагандыгына байланыштуу эмнелер каралып жатат, конкреттүү түрдө айтып бериңизчи деген суроосуна ал: айыл чарбаны өнүктүрүү, өнөр жайды колдоо, тейлөө кызматын колго алуу менен бирге элеошол бизден чыккан продукцияны тышка чыгарып, аны тийиштүү баада сатуу деп жооп узатты.

Махабат Мавлянова министрге бул иштерге канча каражат кетээрин жана буга ким жооп берээрин так далилдеп алышын сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу