– Айттырбай келген кырсыктын сурагы канча болуш керек?
– Ааламдык мыйзам түшкөндөн кийин, адамдардын чыгарган закону адамга ажал, азап, кыргын, кырсык алып келет.
Мисалы: Дастан Бекешов демилге көтөрүп, жол кырсыгына себепкер адамды 7 жылга соттомой болушту. Эч бир айдоочу кырсык каалабайт. Көпчүлүк аргасыз жашоодон, үй-бүлө багуу үчүн айдоочулук кызматтты аркалайт. Дастан Бекешов жана колунда бар адамдар айдоочу жалдайт. Жолдонбу, ооруданбы Кудай буйругу менен адамдын жанын алат. 7 жылга айдоочу соттолсо үй-бүлөсү тирүүлөй жетим, тирүүлөй жесирге айланат. Өзү абактан ооруга чалдыгат. Абакты багууга мамлекеттен чыгым кетет.
Атайлап жасалбаган кырсыкка илгертен кун төлөп кутулушкан. Уй уурдаган 3 жылга соттолот, жолдон кырсыккы учураган адам 7 жылга соттолуш керек деген закон чыгарды. Уйду атайлап уурдайт, ал соттолсун. Жолдогу кырсыктын башка кырларына да караш керек.
Булак: «Фабула»