Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер: “С.Жээнбеков сотторго эркиндикти берди, азыр аларга жогору жактан көрсөтмө берүү токтогон”

—        А.Атамбаевдин тушунда «саясий негизде соттолгон» делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышына эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?
—        Азыр соттор өз алдынча чечим чыгаруу кадамын жасай албай, мурунку калыптанган абалдан чыга албай жатышат. А.Атамбаевдин убагында бир топ саясатчыларга саясий куугунтук болуп, саясий жагдайдан улам соттолгону бул факт. Азыркы соттор мурда бир жерди карап көнүп калышкан, сот тармагында ошондой психологиялык абал калыптанып калган, ошондон чыга албай жатышат.
—        Анда президент же жогорку жактан сотторго көрсөтмө берүү токтоду деп ойлойсузбу?
—        Учурда мурдагыдай жогору жактан көрсөтмө берүү жок, президент С.Жээнбеков сотторго эркиндикти берди. Болгону соттор өз алдынчалыкка ээ боло албай жатат. Дагы бир жагдай “карга карганын көзүн чукубайт” дегендей бири соттосо, кийинкиси актай албай кыйналып жатышат. Сот бийлиги эч жактан көрсөтмө күтпөш керек, азыр Жээнбеков айтып соттолгондор акталып кетсе, анда Атамбаевдин тушундагы көрүнүштөн айырмасы кайсы? Соттор өз алдынча чечим чыгарууга жетишип, өздөрү кетирген каталыкты өздөрү түздөш керек.
Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу