Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер: “Раимди көтөрмөлөгөн да, анын “кызматын” колдонгон да Атамбаев болгон

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге бажы кызматында иштеп жүргөндө ай сайын миллиондорду алып кирип турган Раим Матраимовдун соттон утуп чыгышы коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Бул боюнча белгилүү саясат таануучу, коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев Фейсбукта пикирин билдириптир. Аны өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:

— Таң каласың: Атамбаев Раим жөнүндө үн катыптыр. Ал коррупционер, биз айтканбыз аны жолотпош керек деп.. Кечиресиз, аны таможнянын орунбасарына алып келген ким? Атамбаев өзү. Аны 4 жыл бою ошол чоң должносто «ийгиликтүү» иштетип, анын кызматы менен КЕНЕН колдонгон ким? Кайра эле Атамбаев. Муну эч ким таналбайт. Раимды С.Исаков өзү кетеерине бир аз эле калганда жумуштан алышы, бул коррупция менен күрөшүү эмес болчу! Бул С.Жээнбековго,» мина замедленного действияны» таштап кетүү болчу. Бул Жээнбековдун бийлигине кезектеги баш ооруну калтырып кетүү аракети болчу. Чын эле коррупция менен күрөшкүсү келсе, С.Исаков бир жыл мурун эле аны алып таштамак. Кыскасы, ошол мина акырындап түтөй баштады көрүнөт. Эми АША нын тегерегиндегилер аны шашпай түтөтүп, убагы келгенде жардырганга аракет кыла баштады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу