Алишер Мамасалиев, коомдук ишмер: “Күзүндө реалдуу саясый күчтөр аянтка чыга башташат…”

– Алишер мырза, жылда жайында саясатта тынчтык өкүм сүрөр эле. Бул жылы аптап менен кошо саясат да ысык болуп жатат. Өлкөдөгү саясый кырдаалга кандай баа бересиз? Алдыда эмне күтүлөт?

– Чынын айтканда, Кыргызстанда саясый акыбал оңой болбой турат. Буга бир топ объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Экс-президент Атамбаев менен учурдагы президент Жээнбековдун ортосунда түзүлгөн карама-каршылыктын негизинде абал курчуп жатканын баарыбыз түшүнүп турабыз. Азыркы окуялар Кыргызстан үчүн саясый, тарыхый жана юрдикалык прецедент. Кырдаалдан, саясый кризистен кандай чыгабыз? Бул баарынан маанилүү. Себеби, бул саясый процесс. Акыры эмне менен бүтөрүнө бүтүндөй коомчулук, анын ичинде ички жана тышкы эксперттер көңүл коюп турушат. Саясатчы катары бул абалга мен да баам салып турам.

– Абалдын курчушу Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткандан кийин башталды го… Сиз кандай ойлойсуз?

– Албетте, депутаттар Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, экс-президент катары макамын алып салышты. Ошого туталанган Атамбаев баарын башкача жасагысы келип жатат. Азыр эми тергөө процесси башталды. Ал эмне менен бүтөрүн да билбейбиз. Бул орчундуу процесс. Бир жылга созулабы, андан да көппү, аны да билбейбиз. Бирок, бул ишти шашпай, мыйзам чегинде, далилдердин негизинде, ачык процесс түрүндө кароо керек деп эсептейм. Атамбаевди тергөөгө чакырышты. Ал келбей койду. Бирок, бул тергөө процесси биринчи кезекте Атамбаевдин өзүнө керек болчу. Мен ошондой ойлойм. Себеп дегенде, ал өзү айткандай күнөөсү жок болсо, тергөөгө катышып, өзүн акташ керек. Өзүнүн саясый көз карашын, позициясын элге-журтка билдиргенге бул жакшы мүмкүнчүлүк. Тергөө процессинен качса, туура эмес болот. Юристтерде ушундай практика бар. Адам өзүн «акмын» десе, тергөө процессине катышканга кызыкдар.

– Атамбаевди колдоо штабы бийликке бир топ талаптарды коюп, күзгө чейин тарады. Ал талаптар аткарылабы же күздө кайра жанданышабы?

– Атамбаев бийликке талаптарды коюп, «баары мыйзам чегинде болсун, Конституциялык жолго өтөлү» деп жатат. Бирок, ал киши өзү деле бийликге турганда кандай иштеди эле? Азыр эми «мен Конституцияны тааныбайм, бул президент легитимдүү эмес, мен сурагына барбайм, өзүмдү курал менен коргойм» дегени логикага туура келбейт. Анткен менен бул жерде юридикалык казус бар. Эсиңерде болсо керек, «экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга бир топ өзгөртүүлөр кирип, күчүнө киргенден кийин, Атамбаев ушул мыйзамды аткаруу максатында партия жетекчилигинен кетти. Демек, ал ошол кезде ал мыйзамды таанып аткарды. Бирок, бир ай өткөндөн кийин башкача сүйлөп калды. Бул кылыгы акылга сыйбайт.

– Атамбаевди камоо менен маселе чечилеби?

– Мен ойлойм, бүгүнкү күндө Атамбаевди камоого эч кандай кажет жок. Биз баарыбызга, саясатчыларга, коомчулук өкүлдөрүнө тергөө процесси кандай өтөрү маанилүү. Аны камабай деле тергөө процесси аркылуу саясый жоопкерчиликке тартса болот. Ал кишиге саясый жоопкерчилик юридикалык жоопкерчиликтен жогору турат. Жеке мен үчүн Атамбаев камалабы-камалбайбы, маанилүү деле эмес. Мага анын саясый жоопкерчиликке тартылганы маанилүү. Болуп өткөн иштерден сабак алышыбыз, мындан ары мындай окуялар кайталанбашы керек. Ошондуктан, бул ишке юристтер да, саясатчылар да көңүл буруусу шарт.

– Өкмөт 2023-жылга чейин Кыргызстанды алдыңкы 40 мамлекеттин катарына киргизүү планын жарыя кылды. Ишке ашыра аларына ишенесизби?

– Күзүндө жаңы саясый сезон башталат. Өкмөткө да, парламентке да кайрадан сындар жаай баштайт. Буга себептер толтура. Буга чейин бул өкмөттү «отставкага кетсин» деген кыйкырыктар арбын болду. Өкмөт башчы Абылгазиевге, анын ишмердигине карата да толгон-токой аргументтер менен терс пикирлер айтылды. Айтор, скандал жакшы эле болду. Ушунун баары эртең кайра айтылбай койбойт. Дагы бир себеп, «шайлоо цикли» деп коёт. Шайлоого бир жыл калды. Күзүндө реалдуу саясый күчтөр аянтка чыга башташат. Ошентип, өкмөттөгү аба ырайы дагы татаалдашат.

Ал эми алдыга жанагыдай жакшы пландарды койгону мага жакты. Демилге абдан туура. Өкмөт алдын ала элге, коомго «мындай кылганы жатабыз», «мындай пландарыбыз бар, ишке ашырганы турабыз» дегени бир чети милдети дагы. Айрыкча дуинг-бизнес боюнча кыргыз өкмөтү бир топ жакшы иштерди жасаган, аны ачык айтыш керек. Инвестиция үчүн эл аралык ивдикаторлор өтө маанилүү нерсе. Абылгазиев жаңы келгенде, ант берип жатканда «жарым жыл ичинде жаңы структураны алып келем» деп убада берген. Бирок, ал аткарылган жок. Депутаттар да унутуп калды аны. Оптимизация сөзсүз керек. Ошондуктан, ушул күздө структурасын алып келбесе, саясый дагы башаламандыктар орун алат.

– Батукаевдин иши боюнча чыныгы күнөөлүүлөр эмнеге камалбай жатат деп ойлойсуз?

– Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча тергөө жүрүп жатат делгени менен камалгандардын дээрлик баары аткаруучулар болду. А негизги буйрук бергендер дагы деле жоопкерчилик тартпай жүрүшөт. Ал буйрук 7-кабаттан берилгени айдан ачык. Андан тышкары, бул жерде тышкы күчтөрдүн да таасири өтө чоң болгон. Сөзсүз түрдө тышкы күчтөр аралашкан.

Динар Тудугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу