Акын Бердибек Жамгырчиев: “Коомдук каналдын элге иштөөсү үчүн башкы директорду эл өзү тандап, бийликтин куурчактары дайындалбашы керек”

Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.

SUPER.KG порталынын «КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?» деген соболуна акын Бердибек Жамгырчиев жооп берди.

Анын айтуусунда коомдук канал деген аты эле болбосо, заты бийликтик болуп келет.

“Коомдук канал мен билгенден бери эле аты гана коомдук болбосо, заты бийликтик болуп, бир тараптын гана ырын ырдап, обонун созуп келет. Эгер таза иштеген бийлик болсо КТРКны менчиктеп алууга эч качан кызыкдар болмок эмес. Өздөрүнүн кылыктары менен былыктарын жашырып-жаап, анан күзгүдөй кылып көрсөтүшөт. Коомдук каналдын элге иштөөсү үчүн башкы директорду эл өзү тандашы керек. Бийликтин куурчактары дайындалбашы зарыл. Мына ушул жагынан элге мүмкүнчүлүк берүүлөрү абзел. Буга чейин 20 жылдан бери КТРК Ак Үйдүн сөзүнөн чыга алган жок. Эми чындык чегине жетти, накта коомдук боло турган убагы келди. Азыр деле социалдык тармактарда эл өздөрү пикирин билдирип, талапкерлерди көрсөтүп жатышат. Демек, президент элдин тандоосун кабыл алышы керек. Менин жеке пикиримде чынчыл, эл үчүн иштеп бере турган Шайырбек Абдрахман, Эрнис Кыязов, Чынар Капарова, Мирлан Самыйкожо сыяктуу ага-эжелерибиз бар. Эми тилегеним ушул инсандардын бири КТРК жетекчилигине келсе өтө дурус болмок, бул жеке менин эмес, жалпы элдин талабы болуп турат”, — деди Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Табалды Тиллаев, Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Абды Сатаров, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев жана ырчы Урмат Усеновдун жообу бул шилтемеде.

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу