Аида Салянова, ЖК депутаты: «Сооронбай Жээнбековду коомчулук колдоп, азыркы иштери мага да жагып жатат»

Президент Сооронбай Жээнбековдун азыркы иштери жагып жатат. Мындай пикирин мурдагы Башкы прокурор, учурдагы ЖК депутаты Аида Салянова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир президент жакшы ой менен бийликке келет. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго коомчулуктан чоң колдоо болуп жатат.

«Мага азыр жасалып жаткан иштер жагып жатат. Иштер аягына чейин ушундай болсо жакшы, бирок Кыргызстанда андай болгон эмес. Жээнбеков өзүнө келген ар бир кагаздын артында бирөөнүн тагдыры бар экенин эске алып мамиле кылса адашпайт. Эгерде жанындагылар берген маалыматка гана ишенсе президенттин тагдыры да күмөндүү болуп калат», — дейт Салянова.

Ал белгилегендей, Жээнбеков адамдык бийик сапаттарына таянып чечим кабыла алса эл президенттиктен кетээрде да кол чаап узатат. Тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала турган адам болот.

Салянова, өлкөдө президенттин рейтинги жарыяланып турса жакшы болорун айтып, ал ири окуяларга байланыштуу өзгөрүп турарын билгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу