Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Сооронбай Жээнбеков өзү баштаган коррупцияга каршы күрөштү улантып, Атамбаевди да камашы керек!”

— Ошондой деп болжосок да болот. Бирок, Илмияновдун жана башка Атамбаев ишеним арткан адамдардын камакка алынышы менен эле “коррупционерлер менен болгон күрөш ишке ашты”- деп ойлобошубуз керек. Анткени, коррупция менен күрөшүүдө саясатты да, кылмышкерлерди да эске алышыбыз керек. Баарына белгилүү, коррупциялык кылмыштарды кызматтагы адамдар  жасайт. А бирок, коррупциялык схеманы жалгыз эле  адам ишке ашыра албайт. Аны бир нече кызматтагы адамдар жасайт. Эгер Илмиянов чындап коррупциялык иштерге аралашкан болсо, аны бул жалгыз жасабаганын эске алышыбыз керек. Анын атамандары жана жан жөөкөрлөрү бар экени айныгыс чындык. Башкача айтканда, Илмияновдун атасы Атамбаевди жоопкерчиликке тартыш керек. Президент Сооронбай Жээнбеков өзү баштаган коррупцияга каршы күрөшүн улантып, баштаган соң аягына чыгып, Атамбаевди да камашы керек. Себеби, коррупциялык схемалардын башында Атамбаев жеке өзү турган. Экс-президент Атамбаев 6 жыл бою парламентти да, өкмөттү да, сот, прокуратураны, ал турсун коррупцияны да башкарды. Бир сөз менен айтканда, коррупциянын атаманы болду. Ошон үчүн камакка алынгандардын баары — Атамбаев башында турган коррупциянын курмандыгы болушту.— Эми президенттин Атамбаевди камоого эрки-күчү жетеби?

— Негизи Атамбаевди камаш керек. Бирок, аны камоого Сооронбай Жээнбековдун эрки, күчү жеткени аздык кылат. Аны камаш үчүн “а” дегенде айныгыс далилдер керек. Айныгыс далилдер болбосо экс-президентти камаш кыйынга турат. Ошондой болсо да, коррупциялык күрөштү куйругунан эмес, башынан башташ керек. Башчысын жоопко тартмайын куйруктарын камаган менен пайда чыкпай калат.

— Атамбаев эмне кылса “камаш керек” деген сөздөн кутулуп, өз кадрларын коргоп кала алат?

— Атамбаевди жана анын кадрларын коргоп кала турган бир гана жол бар. Атамбаев элден кечирим сурап, “алты жылда тирукмуштуудай иштердин башында өзүм тургам”- деп ачык айтып, “6 жылдык акмакчылыгым үчүн кечиргиле!” десе гана эл “жегендериңди кус”- таризинде ырайым кылып, жазасы жеңилдетиши мүмкүн. Болбосо абалы мындан да татаалдашат. Эсиңде болсо, 2012-жылдан бери “Унчукпай коюга укугум жок!”- деп бир канча жолу баарлашып, Атамбаевдин туура эмес иштери тууралуу коңгуроо кагып, ачык айтып келдим. Ал турсун 2015-жылы Илмияновго жолугуп калганда дагы: “2-3 жылдан кийин качасыңар. Бири-бириңди таштабай чогуу качкыла”,- десем, “аке, биз качабызбы?”- деген эле чоочуп. “Силердин Акаев менен Бакиевден айырмаңар жок болуп калды, качасыңар”- дегем. Азыр дабам кангандай болбоюн. Бирок, ушундай кырдаалды алдын ала айтсам, маани беришкен эмес.

— Коомчулукта Атамбаевде “эбегейсиз каражаты бар, бийликти алмаштырып коюу мүмкүнчүлүгү жогору”- деген маалыматтар айтыла баштады. Анда бийликти олку-солку кыла турган реалдуу күч барбы?

— Атамбаевде харизма бар. Ошондой эле революциялык тажрыйба бар. Ал дасыккан саясатчы. Коомчулукту будуң-чаң түшүрүп бере турган ММКлары жетиштүү. Бирок, ал жагынан мүмкүнчүлүгү чоң болгону менен анда 2005-2010-жылдагыдай элдин колдоосу жок. Эл колдобосо күчүң, акылың, акчаң ашып-ташып турса да эч нерсе кыла албайсың.  Бирок, Атамбаев 2005-2010-жылкы революцияга “катыштым, революция жасадым” дегени менен эмнегедир  маанилүү учурда чыкпай койчу. Бирок, ага карабай “революцияны мен кылгам”- деп төш кага берчү. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев Акаевди, Бакиевди “коррупциялык схемаларды ишке ашырып, үй-бүлөлүк башкарууну орнотту” деп айыптап, “мен эч качан алардай болбойм”- дечү. Бирок, турмуш чындыгында ошолордой эле иш кылды. Айтайын дегеним, мурда, Бакиевдин, Акаевдердин тушунда үй-бүлөлүк башкаруу болсо, Атамбаев өзү ишенген кадрлары аркылуу жеке өзү көзөмөлдөдү. Бирок “аялын, балдарын аралаштырды” деген сөз чыкпасын деп бийликти алардан да жакшы көргөн Илмияновдор менен башкарды. Шайлоодо Илмиянов  Сооронбай Жээнбековго жардам берип,  бир командада, бир партияда болду. Бирок, бийлик-байлык бөлүшө албай калышты. Президент  «коррупция менен күрөшүп жатам» деп, Атамбаевдин ишенген кадрларын камаса, Атамбаев: “мени сатпагандарга куугунтук башталды”- деген коңгуроо какты. Эки тарапта тең чындыктын үлүшү бар. Бирок, бул жерде тандалма саясат жүрүп жатат. Ошон үчүн теңине иш козголуп, теңине козголбой жатат. Негизи коррупция менен тандалма, жасалма, коомчулукка жаман көрсөтүү жолу менен күрөшүү Атамбаевдин тушунда түптөлгөн. Азыр ошол жараян уланып жатат. Бул жакшы нерсе эмес.

— Икрамжан Илмиянов качып жүрүп колго түштүбү же Атамбаевдин тапшырмасын аткарууга аракет жасап жүрүп кармалдыбы?

— Менин оюмча Илмиянов “Атамбаевди кошо ала кетейин”- деген  таризде шефине үй издеп жүрүп колго түшсө керек. Эми Атамбаев кара башын калкалабай, Икрамдын туугандарынан кечирим сурап, “менин азабымдан камалып калды”- деши керек. Ошондой эле “камакка түшкөндөрдүн баары менин туура эмес саясатымдын кесептин тартышты”- деп жогоруда айткандай элден кечирим сурап, революционерлерди жаманат атты кылганын мойнуна алышы керек.

— Туура айтасыз. Бирок, Сооронбай Жээнбеков экөө эл алдында душмандай көрүнүшкөнү менен “чынында жакшы санаалаш болуп, бул иштин баары Атамбаевдин макулдугу менен ишке ашып жатат”- дегендер да бар го…

— Андай да ойлогондор бар. Чынында Атамбаев Сооронбай Жээнбековду “техникалык президент кылып алам да, өзүм баштагыдай башкарып отура берем”- деген. Эгер Жээнбеков тарыхта калам десе, бир кадам менен токтобой, кийинки кадамын да ташташы керек. Коррупционерлер Атамбаевдин айланасындагы адамдар менен эле түгөнүп калбайт. Мунун аягына чыгыш үчүн конституциялык реформа кылып, коррупцияны түп тамырынан бери жулуп ыргытышы  керек. Президенттин, парламенттин, өкмөттүн жоопкерчилигин Конституцияга киргизип, милдеттерин, кызматтарын аныкташ керек.  Президенттин күрөшү 5-6 кишини камап койгондо эмес, коррупциянын себебин аныктап,  мындан ары андай иштерди болтурбоону алдын алган реформа жасаганында болот.  Болбосо Илмияновду, Исаковду камаса эле кыйратып иштеп жиберген болуп, тарыхта калбайт. Коррупциянын тамырын үзсө, акыйкат заман алып келсе гана тарыхта калат. Эгер президент ушундай кадамга бара алса мен ачыктан-ачык Сооронбай Жээнбековду колдоп чыгам. Анткени, мен өмүр бою коррупция жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүп  келе жатам. Эки жолу революция кылсак да үй бүлөлүк башкаруу менен коррупциянын түбүнө жете албай койдук..

— Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевдер да жооп бериши керекпи?

— “Сөзсүз түрдө ушулар да камалышы керек”- деп куугунтуктай бергенге мен каршымын. Кылмыш иши укуктук жолдо болушу керек. Атамбаевдин үй-бүлөсүн же анын командасындагыларды алсыратыш үчүн чындыкка дал келбеген нерселер менен кылмыш ишин токуса, эртең соттон өтпөйт. Ким кылмыш кылса да, мыйзамдын алкагында болуп, тергөө ачык жүрүшү керек. Эгер кылмыш иши жок болсо, далили жок болсо төшөктө жаткан бирөө болсо да унчукпашыбыз керек.

— Атамбаевдин ишенген кадрлары камакка алынганына бир канча айдын жүзү болсо да, эмнегедир иштери сотко өтпөй жатат. Азыркы президент аларды “иштеп жатам” деген нерсени көрсөтүш үчүн камап койгон эмеспи?

— Кылмыш ишин козгоп, коомду будуң-чаң кылып коюш оңой эле. Андайлар Атамбаевдин убагында көп болгон. Атамбаев “кылмышкерлер менен күрөшүп жатам, керек болсо президенттин аппарат башчысын да аяган жокмун”- деп Данияр Нарымбаевди да камап койгонуна мактанган.

Жээнбеков ошондой адаттардан качышы керек. “Атамбаевдин ишенген кадрларын камасам эле ишим илгерилейт”- деген ойдо болсо, кылмыш иштер аягына чыкпай калат. Аягына чыгыш үчүн  сотко кылмыш ишин айныгыс далилдер менен далилдеп жеткириши керек. Кылмыш ишин далилдей турган дасыккан тергөөчүлөр керек. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун командасында ошондой тергөөчүлөр барбы (?) деген маселе бар…

— Сиз бир жолку маегиңизде “Атамбаев кызматтан кетип, куугунтуктала турган болсо, досумду коргоо даярмын”- деген  элеңиз. Азыр Атамбаевди коргоого даярсызбы?

— Эски үзөңгүлөш, саясатчы досум Атамбаевди коргоого даярмын. Бирок, коррупционер Атамбаевди коргобойм. Анткени, канчаларды каматып, өз командасын коргой албаган, алардын шоруна калган коррупционер Атамбаев менин досум эмес…

— Анын сизге жасаган мамилесин кечиресизби же кектейсизби?

— Бийлигине таянып, ыгы келсе да, келбесе да эң жакын үзөнгүлөштөрүн каралап, кылмыш ишин козготконго чейин барса да, ага чындап куугунтук башталса, мен аны кечирем. Бирок, үн катпай жатканын түшүнө албай жатам. Менин эски үзөнгүлөшүм чын эле коррупционерби же байлык, бийлик талашуунун курмандыгы болуп жатабы, ажыратып биле албай жатам. Ошон үчүн Атамбаев үнүн чыгарып, элге чыгыш керек. Эл президенттин сөзүн укту. Кезек Атамбаевде. Анткени, атамбаевчилердин Жээнбеков тарапка ыктаганы жаңы кызматтарга дайындалды. Ага өтпөгөндөрүнө кылмыш иши козголуп жатат. Кыйкырганы деле, камалганы деле атамбаевчилер. Жээнбековго өтө качкандар анын командасы болуп калды. Өтө качпагандар коррупционер болуп жатат. Ошон үчүн Атамбаев ачыкка чыгып, ката кетирсе катачылыгын айтып, күнөөсүн мойнуна алышы керек, болбосо өз чындыгын айтышы зарыл.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан kg” 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу