Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушканы дурус иш болду”

— Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июлда жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, алардын пикирлерин укту. Экс-президент Алмазбек Атамбаев душман көрүп жүргөн бейөкмөтчүлөр менен президенттин жолугушуусун кандай кабыл алдыңыз?

— Сооронбай Жээнбековдун жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушканы дурус иш болду. Анткени президент шайлоодон кийинки учурда коомчулуктан алыстагандай сезилип жаткан. Азыр жолугушууга чакырылгандардын курамы боюнча бир топ нааразычылыктар социалдык түйүндөрдө жазылып жатат. Бул табигый эле көрүнүш, баарын чакырып, бир жерге чогултуу мүмкүн эмес. Ал эми Кыргыз улуттук филармониясы же дагы башка чоң залга жыйналыш өткөрсө, пикир алышууга мүмкүн болбой калат. Менин оюмча, учурдагы жигердүү иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын негизгилери толук эле камтылган, акыркы жылдарда коомдогу курч маселелерди таамай айтып, так көтөрүп жүргөн коомдук лидерлердин көбү чакырылыптыр.

Эркин пикир алмашуу болсо өтө курч маселелер көтөрүлөрүнөн күмөн санабай эле койсо болот. — Мындай жолугушуудан канчалык натыйжа чыгат жана аны кийин да улантып кетсе болобу?

— Президенттин мындан ары да иш алып баруу ниети болсо, анда кийинки жолугушууларды багыт-багыты боюнча өткөрүү максатка ылайык болот деп ойлойм. Мисалы, коомдогу демократиялык процесстерге, адам укуктары, саясий укуктар, сот жана укук коргоо органдарындагы реформалар боюнча аракет кылып жүрүшкөндөрдү өзүнчө чакырып жыйын өткөрсө, маселелер ыкчам чечилмек. Ошондой эле экология багытындагыларды, жаштар, балдар көйгөйлөрү, аялдар, үй-бүлө маселелери боюнча дагы чогулуш өтсө жакшы болмок.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу