Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер: “Жээнбеков коррупцияга каршы “чоң казат” жарыялады, ага мекенчилдердин бардыгы кошулушу керек”

“Түбөлүк демократ” атыккан Топчубек Тургуналиев жакында жемкорлорго каршы күрөштү колдоо үчүн саясатка кайрадан демдүү катышарын билдирди. Бул максатта тилектештери менен “Коррупциясыз кыргыз коому” деген кыймыл түздү.

Биз андан аталган кыймылдын мындан ары эмне иштерди аткарарын айтып берүүсүн өтүндүк.

-Топчубек Тургуналиевич, сиздер жакында “Коррупциясыз кыргыз коому” деген кыймыл түздүңүздөр, анын жетекчиси өзүңүз. Кыймылдын милдети, максаты кандай?

-“Фридом Хаусдун”, Германиядагы “Интерференс интернешл” уюмунун маалыматтарына ылайык, Кыргызстан өткөн жылы коррупциянын абалы боюнча дүйнөнүн 190го жакын өлкөсүнүн ичинде 136-орунду ээледи. Бул — Кыргызстандын коррупциянын сормо сазына батып калгандыгын айгинелейт. Коррупция совет мезгилинде деле болгон, бирок анын чындап гүлдөп өсүшү Акаевдин бийлигинен башталды. 1990-жылдан кийинки менчиктештирүү деген алааматтын учурунда элдин Октябрь төңкөрүшүнөн бери жыйналган жүздөгөн миллиард, мүмкүн, триллион долларлык байлыктары кан таламайга туш болду. Анын башында Акаев үй-бүлөсү менен өзү турду, ага заматта демократ сөрөйлөргө айлана калышкан мурдагы партократтар кошулушту. Ошол учурда Алмаз Атамбаев да Кыргызстандагы Ленин, Фрунзе атындагы сыяктуу эң ири 6 заводду менчиктештирип алып, алардын уникалдуу станокторун, жабдууларын темир, керексиз катарында ит арзанга чет өлкөлөргө сатып байыды. Андан Акаевди жандаган Феликс Кулов сыяктуулар да калышпады. Алар жыйырмага жакын заманбап аскердик учактарды, андан кем эмес тик учактарды сатышты. “Жараксыз темир” деп сатылган эң мыкты станоктордун, жабдуулардын, аскердик техникалардын салмактары эле миллиондогон тонналарды түзгөн. Мен 2000-жылдардын башында 3-47-колонияларда жаттым. Ал жерлердин ишканаларындагы не бир сонун станокторду, жабдууларды чыгарып, металл сыныктары кылып жүктөп кетип жатышкандарын өз көзүм менен көргөм. Колхоз-совхоздорду таркатышканда техникалардын мыктыларын, төрт түлүк малдын асыл тукумдууларын, семиздерин чарбалардын, өлкөнүн жетекчилери, адистери алышып, элге арык-торуктары гана тийген.

Ошондуктан биз кыймылдын атынан бийликтегилерге биринчи кезекте, ишенимдүү, аркалары таза, көз каранды эмес, элге белгилүү адистерден, коомдук ишмерлерден чоң Мамлекеттик комиссия түзүп, менчиктештирүүдөн, демек, тэ-этиги 90-жылдардан бери талангандардын, тонолгондордун баардыгын текшертип чыгуу талабын койгону жатабыз.

Убактылуу Өкмөт бийликте турганда бул максатта курамы 19 адамдан атайын комиссия түздүргөм. Ал алтын кендерин авантюристтерге кандай берилгенин изилдеген. Көрсө, Убактылуу Өкмөттүн ичинде сыртынан колдогон менен ичинен ага каршы чыккандар, өздөрү коррупцияга аралашкандар бар экен.

— Текшерткен менен деле алардын көбүнүн эскирүү убактысы алда качан өтүп кеткен, укуктук жыйынтыктары болбойт да.

— Бирок, өзгөчө баалуу нерселер “эскирди” деген мезгил жобосуна жатпайт. Кимдер элге, мамлекетке канча зыян келтиришкендерин эл билиши, кийинки муундардарга сабак, эстеринде калышы зарыл. Андагы мыйзамсыз таламайларга өзгөчө жанталашып катышкандардын айрымдары дагы деле жооптуу кызматтарда иштеп жатышат, саясатта элге акыл үйрөтүп жүрүшөт. Муну да эске алуу зарыл.

Мына ошондон бери Кыргызстандын эл чарбасынын 40-60 пайызы көмүскө экономикада. Бул көндүм болуп калды. Элге, мамлекетке иштеген экономикага салыштырганда, коррупциялашкан, кирешелердин көбү алык-салыктардан кыйгап, эсептелүү айрым шүмшүк адамдардын чөнтөктөрүнө кетип жаткан экономика чоңураак, күчтүүрөөк.

Сооронбай Жээнбеков жемкорлорго каршы чыныгы Чоң-Казат жарыялады. Бул эрдик, тобокелчил чечкиндүүлүк. Бирок, аны Жээнбековго, айрым ак ниет чиновниктерге гана калтырбастан, элдин, мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабагандардын баардыгы кошулушу, ал жалпы элдик кыймылга айлануусу зарыл. Ошондуктан, биз кыймылдын баардык аймактарда, шаарларда, колдон келсе, ар бир айыл өкмөтүндө топ түзөйлүк деп жатабыз. Эгерде эл колдосо, аны ишке ашырса болот. Колдойт деп ишенем. Жегичтерди, ичкичтерди элдин басымдуу көпчүлүгү мамлекеттин душманы катарында эсептешет. Ошондо кыймыл чоң күчкө айланат.

Биздин келечектеги максат, Кыргызстандын дүйнөдөгү коррупциясы аз он өлкөнүн катарына кирүүсүнө жетишүү.

Жакында ири коррупциялык иш боюнча Россиянын бир сенатору кармалды. Ал анын коррупциялык иштерин жакшы билгендердин тымызындан көздөрүн тазалатып турчу экен, эки адамды өлтүртүптүр. Андай иштерге бара тургандар бизде деле бар. Муну да көңүлдөн чыгарбоо керек. “Коррупция менен чечкиндүү күрөшкөндөрдүн коопсуздугун мамлекет коргоо керек” деп Президент жарлык чыгарды. Бул күрөшкөндөргө кошумча дем берет.

— Кумтөргө байланышкан маселелердин көтөрүлүп туруусу адат болуп калды, дагы да көтөрүлүүдө. Бул деги качан тынчыйт, качан оптималдуу чечилет деп ойлойсуз?

-Ооба, чейрек кылымдан бери Кумтөрдүн жаңжалы тынчыбай жатат. Ал казылып бүткөндөн чейрек кылым өткөндөн кийин да тынчыбайт. Анткени, ал долбоорго башталышында эле коррупциялык чоң кызыкчылыктар аралашкан. Ошон үчүн ал белгиленген мөөнөтүндө Кыргызстанга толук өтпөдү. Атүгүл алгач анда Кыргызстандын 67 пайыз үлүшү болсо, аны 17 пайызга чейин түшүрүштү. Баарынан да анын жаратылышка, экологияга зыяны көп болууда. Алтын иштетүүчү комбинаттан күн сайын 2 тоннага жакын уу зат бөлүнүп чыгып, таштандылар чогултулчу көл куюлат. Алардын көбү кыртышты булгоодо, кокус ал аймакта он баллдан ашкан жер титирөө болуп, булганган суулардын көлү жарылып, агын сууларга кошулуп кетсе, эки облустун эли, туристтердин мекенине айланып бараткан Ысык-Көл катастрофага учураганы турат. Анын кесепеттери Нарындын суусу аркылуу коңшулаш Казакстанга, Өзбекстанга да жетет. Ал эми бизде ар 10-20 жылдын ичинде күчтүү жер титирөөлөрдүн болуп туруусу адатка айланып калган. Ал жерде жер титирөө болбойт деп эч ким айта албайт.

Кумтөрдүн дагы бир кесепети, миллиарддаган жылдар бою топтолгон триллион танка мөңгүлөрдү талкалап, эритип жок кылууда. Мөңгү деген иче турган, айыл чарба өсүмдүктөрүнө пайдалана турган таза суу, элдин баа жеткис байлыгы. Мындан беш- алты жыл мурда БУУнун ошол убактагы Баш катчысы Пан Ги Мун жакынкы 30-40 жылдын ичинде дүйнөнүн көп жерлеринде таза суу маселеси негизги көйгөйгө айланарын, ал Борбордук Азияга да тийиштүү экендигин айткан. Келечекте Борбордук Азияда талаачылыкка түгүл, адам ичкенге таза суунун таңсыктыгы жаралышы толук мүмкүн. Бул жагынан алганда мөңгүлөр бизге гана эмес, жалпы аймактагыларга алтындан тапкан кирешеден да кымбат.

Анан дагы бир маселе, Кумтөрдүн алтын байлыгы канча экендигин эмдигиче эч ким так билбейт. Чалгынданып, изилденген учурда ашып кетсе 50-60 метрге чейинки тереңдиктеги кору гана эске алынган. Ал эми азыр 500 метрдей тереңдиктен да алтын казып жатышпайбы. Карьердин айланасындагы дагы бир нече миң гектардай жерге чалгындап, өндүрүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Алардын баардыгынын алтыны канча болот? Тилекке каршы, биздин чоңдорубуз канадалыктар берген маалыматтарды гана айтып жатышат.

2010-жылы өнүккөн өлкөлөрдө алтынды рудалардан кантип бөлүп аларына кызыгып, тийиштүү булактарды карап, адистердин пикирлерин сураганбыз. Элине, жерине зыян келтиргиси келбеген өлкөлөр алтынды уулуу заттардын эмес, электр энергиясынын жардамы аркылуу бөлүп алышат экен. Бирок, анын уулуу заттарды колдонгонго караганда өздүк баасы бир топ жогору болот. Ошондуктан сырттан келген инвесторлор жер казыналарын иштетүүдө уулуу заттарга артыкчылык беришет. Бизде азыр Канадалыктар гана эмес, кытайлыктар, казактар, россиялыктар деле алтын, күмүш кендерин иштеткенге уулуу заттарды пайдаланып жатышат. Аларды биздин элдин, жердин эртеңи эмне болору кызыктырбайт. Бирок, эмне үчүн аларга Кыргызстандын жетекчилери, ЖК депутаттары рудалардан түстүү металлдарды электр энергияларынын кубаты аркылуу гана бөлүп алуу талаптарын коюшпайт? Кептин баары ушунда. Анткени, алардын да ооздору булганган.

Менин оюмча, түстүү металлдарды өндүрүүнү бүгүн-эртең милдеттүү түрдө кыргыздарга гана бериш керек. Чет элдиктер деле кредиттерди алып, анан кендерди иштетишүүдө. Кен алуу кыргыздардын деле колдорунан келет.

-Белгилүү чарбакер Дастан Сарыгулов коррупциядан улам 2011-2017-жылдарда Кыргызстандын бюджетине болжол менен 7-9 миллиард доллар түшпөй калгандыгын айтууда. Сарыгулов башкасы болбосо да тоо кен жагын жакшы билет. Ал чын болсо, биздин фискалдык органдар каякты карап отурушкан?

— Каякты карашмак эле, алардын да ал мыйзамсыз иштерде кызыкчылыктары бар да. Мен ал сандарды так билбейм. 1993-жылдын жазында Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеште талкуу өткөрүлгөн, ага Акаев баш болуп өкмөт, мен да катышкам. Ошондо Дастан Сарыгулов: “мен Франциядан жакында эле келдим, ал жакта “Сиабекодон” жакшы пайдалуу сунуш бергендер бар, Кумтөрду ошолордун бирине бербейлиби” дегенде Акаев: “сен бүтүп калган ишти эмнеге бузганы жатасың” деп ызырынып, аны урушуп, жерден алып көргө чапкан. Көрсө, Акаев Бирштейн менен маселени мурда эле чечип, үлүшкө кирип алган экен. Дастан Сарыгулов жакшы сунуш берген менен ага бекем тура албады, Акаев каарып койгондо эле өчүп, анын колдоочусуна айланып кетпедиби. “Кыргызалтында” турганда коррупциялык иштер да көп болду. Кумтөр боюнча келишимге Апас Жумагулов кол койгон, ал каяша кылганга да жараган эмес. Кумтөр үчүн үчөө керт баштары менен жооп берүүлөрү керек.

— Биздеги мамлекетти тоногондор чет өлкөлөргө чыгып кеткенге эле жарашса, баардык жазалардан кутулуп кетишүүдө. Укук коргоо органдары адашып өздөрү келип калгандарды гана кармашууда. Эмне үчүн качкандарды кайра алып келип, мыйзамдагы жазаларга кириптер кылышпайт?

— Ал үчүн биздин Өкмөт башка өлкөлөр менен качкан кылмышкерлерди кармап берүү боюнча эки тараптуу келишимдерди түзүүлөрү керек. Биздин мурдагы жетекчилер атайылап андай келишимдерди түзүшкөн эмес. Антсем бир убакта өзүмө зыяны тийип калабы деп ойлошкон. Ошондон улам АКШга, Англияга, Европанын башка бир катар өлкөлөрүнө качкандарды гана эмес, Россия менен Белоруссияда жүргөндөрдү да кайтарып ала албай жатабыз.

Биз Жогорку Кеңештин төрагасына мына ушул жана башка маселелер боюнча жолугушуу өтүндүк. Жооп болбой жатат. Жолуксак ушуларды айтып, анан канча депутатка, кандай маселелер боюнча кылмыш иштери козголгондугу жөнүндө маалыматты сурамакпыз. Мага бир депутат конфиденциалдуу түрдө 24 депутатка кылмыш иши козголгонун айтты. Эмне үчүн алар парламентте отурушат? Сот актагыча же биротоло камагыча алар кызматтарынан четтетилип турушу керек. Биз мындан ары ушундай талапты катуу коёбуз. Парттизме аркылуу шайлоо деген — коррупциянын өзү. Анда партияны түптөгөндөр, анын калыптануусуна салым кошкондор эске алынбайт. Акчалары көп болсо, партияда жокторду деле тизмелерге кошо беришет. Коррупция деген ошол. Башка парттизмелер деле ошондой негизде түзүлгөн. Парламент өзү коррупциялык жол менен түзүлүп жатса, анан ал кантип коррупцияга каршы күрөшөт? Тилекке каршы, бизде партия деген атка жооп берерлик партиялар али жок. Идея, идеология үчүн таза адамдар гана күрөшөт, байлар, коррупционерлер акчаны гана ойлошот.

-Коррупцияга каршы күрөшкө эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?

— Чечкиндүүлүк, радикалдуу чукул чаралар жетишпей жатат. Михаил Саакашвили эки жылда эле Грузияны тартипке салып койбоду беле. Эмне үчүн бизде андай кылууга болбосун.

— Биз өзүбүздөгү адамдык материалдын сапатын эске албай коррупция деген эмне экендигин мындан 100-150 жыл мурда эле унуткан өлкөлөрдүн мыйзамдарын көчүрүп алганбыз. Ошон үчүн алар иштебейт. Мында идея менен материал шайкеш келбей жатат. Өзүбүздүн шартты, адамдык материалды эске алган укук-ченемдик актылар иштелип чыгылса, ичкичтерге, жегичтерге жазалар күчөтүлсө, туура болмок. Буга кандай дейсиз?

— Мыйзамдын диктатурасы болгон жерде гана демократия өнүгөт, коррупция ооздукталат. Мен кандай адамдар коррупцияга аралашары жөнүндө көп ойлонуп, акырында ыймандан, барга канаат кылуу, калыстык, мекенчилдик деген жакшы сапаттардан биротоло ажырагандар, алдым-жуттумдун кулу болуп, албарстысы биротоло азгырып кеткендер ал ишке барышат деген жыйынтыкка келдим. Алар чыныгы кудай безерлер! Тилекке каршы, биздин коомдо андай адамдар аз эмес. Англиялык Морган деген улуу окумуштуу бар, ал “Байыркы коом” деген эмгегинде “эгерде коомдо материалдык кызыкчылыктар эле үстөмдүк кылып калса, анын келечеги болбойт, ал өзүнүн көрүн өзү казат” дептир. Демек, коррупционерлер мамлекетке көр казып жаткандар, аларга ошого ылайык мамиле болушу зарыл.

— Азыр парламентте экс-президенттердин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланууда. Ага карата пикириңиз кандай?

— Укуктук системада “мыйзамдын артка карата күчү жок” деген түшүнүк бар. Мыйзам кабыл алынган күндө деле кандай иштейт, ал өзүнчө маселе. Конституцияда “Кыргызстандын жарандары мыйзам алдында бирдей” деп жазылып турат. Анын негизинде эле жетиштүү фактылар болсо, экстерге карата кылмыш иштерин козгой берсе болот. Акаев, Текебаев, Атамбаев президент болуп турган кезинде коррупция кандай өнүгүп, мыйзамдар кандай тебеленгендигин көрүп жатабыз. Бирок, алар мамлекет башчысы болуп туруп элдин биримдигине, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирерлик да көп иштерди жасады. Атамбаев: “Таластын эли-эл деле эмес”, “Ысык-Көлдүн эркектеринин баары бандиттер, алардан көрө уйлар жакшы”, “нарындыктар малга окшоп дарыяны булгап жатасыңар” деген сыяктуу сөздөр менен элди маскаралап, айрым аймактарда жашагандарды Өзбекстанга, Казакстанга кошулуп кеткиле деген сөздөрү үчүн да мыйзам алдында жооп бериши керек. Башка калжың сөздөрүн айтпай эле койойун.

Мирлан Дүйшөнбаев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу