«Ай-Тамга Солто» коомунун КУРУЛТАЙЫ кимдерди чочутту?

Кечээ, Бишкек шаарында “Ай-Тамга Солто” коому Солто уруусунун өкүлдөрүн чогултуп ынтымак Курултайы болуп өткөнү маалым. Бул жыйындын башкы максаты Солтолор арасындагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Белгилей кетсек, тарыхы бай Солто уруусу Тагай бийден тарап, кийин анын аманаттарын Солто улап кеткенин тарыхчылар айтып келет. Ал эми ошол учурда “Ай тамга” Солтолордун туусунун белгиси болгон. Ошондон улам бул коом “Ай – Тамга Солто” деп түзүлгөн. Тарыхка көз чаптыра келсек, Солтонун башкы максаты Чүй өрөөнүн түптөөдө, калкты жайгаштыруудагы орду чоң экенин билебиз. Ал эми кечээги ынтымак жыйынындагы ырк айрым талаш-тартыштардан келип чыкканын айта кетели. Албетте, бул жыйындын максаты ынтымакка чакыруу болгон соң, уюштуруучулар урууну бөлүп жарбай баарын тең чакырганда туура болмок. Бул жерде уюштуруучулар тарабынан одоно ката кетирилгени айкын.

Айрым сайттар жумурткадан кыр издеп, ал жерге келген кээ бир саясатчыларга карата ар-кандай ушактарды ойдон токуп жазып жаткандары таң калычтуу. Же бул коомдун ынтымагы кайсы бир күчтөрдү чочутуп жатабы?

“Ай- Тамга Солто” коомунун ынтымак Курултайына Темир Сариев, Апаз Жумагулов, Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова, Осмонакун Ибраимов, Ж.Сааданбеков, Б.Субанбеков, С.Аблесов, К.Дуйшебаев, К.Байболов ж.б аттуу-баштуу инсандар конок катары чакырылганын уюштуруучулар билдирди. Андыктан, бул жыйынга келген саясатчылардын үстүнөн жалган ушактар менен коштолгон каралоолорду жайылтуу суу кечпейт. Себеби, бул жыйынга Чүй өрөөнүнүн бир топ белдүү инсандары келип, ынтымакты ширетүү боюнча кенен баарлашып, жакшы маанайда тарап кетишти.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу