Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Митинг баштагандар эмнеге жүзүн жашырышып, ачык чыгышкан жок? Себеби ойлору арам, максаттары тополоң…”

Сабыр байке, жаңы жылдан кийин бир топ убакыт байланышпай кеттик. Узун кебибизди улайлы. 2019-жыл башталбай жатып, митингдер, тукүрүктөр, атышуулар, айтор, эриккен жерибиз жок. Ушул маселелер тууралуу маек куруп, анализ жасап, окурмандарыбызга колдон келишинче тушүндүрмөлөрдү берсек деген ойдомун. Алды менен, коомдо катуу талкуу жараткан жаңы кодекстер тууралуу кеп салсаңыз. Миллиондогон евролор сарпталып, анан ушунча ызы-чуу жараткан чийки мыйзамдардын кабыл алынышына кандай баа беребиз?, Ким күнөөлүү? Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттү күнөөлүү кылып,“түкүрүк өкмөт” деп ат да койуп салды.

– 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган кодекстер тууралуу: “кантип ишке киргизебиз, эмнелер өзгөрөт, эмнелер жетишпейт”- деп алдын-ала бир карап койбогон өкмөттүн албетте шалакылыгы бар. Бирок негизги күнөө ошончо эбегейсиз чоң суммадагы каражаттарды жеп алышып, анан чала-бучук мыйзамдарды токуй салган жумушчу топ менен ал мыйзамдарды карабай туруп колдоп кабыл алып бере салган Жогорку Кеңеште болуп жатпайбы. Андыктан баягы, “оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытат” дегендей, өкмөт “түкүрүк өкмөт” эмес, ошол мыйзамды кабыл алган Рыскелди Момбеков өзү “түкүрүк” десек жарашат.

Бул мыйзамдарды даярдаган жумушчу топ негизинен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы менен демилгеленип, алар тандаган эксперттер менен бирге АШАнын жан жөөкөрлөрүнөн куралган. Ал жумушчу топко кирген адамдардын көпчүлүгү адекваттуу, билимдүү эле адамдар болгону менен алардын көңүлү негизинен жанагы 13 миллион еврону сиңирүүгө багышталып, даярдалып жаткан мыйзамдардын сапатына көңүл бөлүү жеткиликтүү координациаланбай калган.

Акырында белгиленген мөөнөт жетип, акча да желинип бүтүп, чет элдик өнөктөштөргө отчет берип, долбоорду жабуу убактысы да келип калат. Анан эмне болот? Ашка аралашкан Атимбасидин командасы “болгула эле болгула, ким тоскоол кылса “итеребиз!, шеф айтты” – дешип, көнүмүш адатына салп ЖКны “зордуктап”, кол көтөрүп, мыйзамдарын кабыл алдыртып салып жатышпайбы.

Президенттин аппаратындагылар Алмазбек Атамбаевге мыйзамдардагы мүчулүштүктөрдү айтышкан, экс-президент билген, атайылап, “мейли, кийинки бийликтегилер ит боло беришсин” деген таризде мүчүлүштүктөрдү оңдоого кызыкдар болбостон, мыйзамдардын күчүнө кирүү мөөнөтүн артка жылдырып, 2019- жылдын башына белгилеген деген пикирлер да айтылып жатат.

Президент, премьерлер алмашканы менен ошол чийки мыйзамдардын кабыл алышына тиешелери бар аппараттагылардын көбү өз ордуларында отурушат. Алар да аралашып калганы үчүн жаңы өкмөткө “ушундай балээлер бар” деп айткандан коркушуп, кылтыйып отурушкан – алардын аракети саботаж кылганга тете деп жаткандар да бар. Айтор ит эле болуп келе жатабыз. Тажабадык. Тазалануу, жаңылануу аба менен суудай зарыл болуп турат.

– Катуу чыр болуп, мыйзамдарга кайра өзгортуүлөр киргизилгени жатат. Коомчулук, ЖКнын депутаттар жанагынча эбегейсиз суммадагы акчаны жеп алгандарды жоопко тартуу керектигин айтып жатышат. Эми кандай болот?

– Биздин коом мындай ызы-чуунун канчасын баштан өткөрдү, сан жетпейт. Эми ал чет элдиктердин акчасын жегендер жоопко тартылабы, тартылбайбы айтыш кыйын. ЖКнын депутаттары деле өз күнөөлөрүн сезбей бакылдаганды токтотуп, мынддн ары ушундай жагдайларга каршы “иммунитет” вырабатывать эткенди ойлонуулары керек. А биз, жөнөкөй жарандар ушундай активдүүлүгүбүздү арттырышыбыз гана керек.

Менин жеке оюмда, бул чийки мыйзамдардан улам чыккан ызы-чууну талкуулоо бизге, кандай дегенде да пайда алып келди деп айтаар элем. Көрүнгөн жерге какырынып-түкүрүнүү адепсиздик, маданиятсыздык экенин жалпыбыз кабылдадык. Баягыдай “скамейканын” кырына отуруп алып, бульварга семечка чагып, ылгабай туш келди түкүрө бере турган заман артта калды десек болот. Мага ошондой туюлуп атат. Машинемди ременди тагынып айдай баштадым. Оңдолсун, түздөлсүн, бул мыйзамдар керек.

-Эми митингдерге өтөлү. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү аяктабай жатып митингдер башталып кетти. Митингге үндөгөндөр ар түркүн чакырыктарды айтып жатышканы менен негизинен нааразычылык кытай темасы болуп, кытай экспанциясы тууралуу элди козутуу аракети күч болду? Ички, сырткы күчтөрдүн таасири тууралуу пикирлер айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

– Кытайдагы уйгур, казак, кыргыздарга карата болуп жаткан кысымдар, аларды сураксыз, сотсуз эле кайра тарбиялоо лагерлерине алып кетип жаткандыктары, ал лагерлерде кордуктар көрсөтүлүп, адамдардын укуктары бузулуп жаткандыктары тууралуу маалыматтар дүйнөлүк ЖМКларда бир топ убакыттан бери айтылып, Америкада, Европада, ЕАЭС алкагында да нааразычылык акциялары болуп жатат. Ушул жагынан алып караганда, кандайдыр бир деңгээлде бул сырткы фактор катары биздеги митиңгдерге кыйыр тиешеси бар десек 6олот.

Айрым кыргыз серепчилери сырткы күчтөрдүн кызыкчылыктары, алардын тикелей тиешеси тууралуу да айтып жатышат. АКШ менен Кытайдын соода согушу, Орусияга каршы АКШ менен ЕСтин санкцияларын, булардын түбөлүктүү жоолашуу жолуна түшүп калгандарын жоромолдоп келишип, “Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан Кыргызстан, ж.б. Орто Азия мамлекеттеринде туруктуулукту бузуп, тополоң салуу менен АКШ кошумча көзүрлөргө ээ болууну көздөйт, ошондуктан алар туруктуулуктун бузулушуна кызыкдар. Кыйыр түрүндө, тымызын аракеттерди жасашып өз “салымдарын” кошуп жатышат”- дегенге чейин айтып жибергендер да болуп жатат.

Жыл башынан берки бизде болуп өткөн антикытайлык митингдерге АКШ менен Батыштын тикелей тиешеси бар деп кесе айта албасак да алардын туруктуулукту бузууга болгон кызыкчылыгын танганга болбойт. Андыктан бүгүн болбосо, кийин бул маселеге сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү кошулуп, чаң-тополоң түшүп калышыбыз толук мүмкүн. Ошондуктан биз эл аралык мамиледе өтө сак болуп, ойлонбой сүйлөп, “урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай” жаткан ура патриоторубузду тартипке чакырышыбыз керек.

Менимче, кеп, бул жерде, жөн эле “эр көкүрөк” болуп “кытайдан коркпойбуз” дегенде эмес, “Кытайларды сүрөбүз” деген ураанга кошулуп чыкчу ура патриотторду колдонуп, андайлар көп чыкса бийликти кысабыз, жеке кызыкчылыктарыбызды канагаттандырып, кайрадан бийликке келип, мурдагы “майкөл-сүткөл” жашообузду улантсак, коррупция менен камалган, элди тоногон поддельниктерибизди, шакирттерибизди куткарып алсак”,- деген реваншистерде болуп жатат. Алар өзүлөрүнүн меркантилдүү кызыкчылыктарын канагаттандыруу үчүн от менен ойноп, элибиздин геосаясаттын курмандыгына айланып, Ливия, Сирия сыяктуу согуш полигонуна айланып кетүү коркунучу турганынан да кайра тартпачудай.

Андыктан бул маселеге бийлик өтө тыкыр көз салып, кандайдыр бир тараптардын атайылап, эл аралык теманы бетке кармап, элди козутуп жаткандыгы тууралуу фактылар аныкталса мыйзам чегинде максималдуу катуу чараларды көрүү керек. Айрым жеке козуткучтарды кармоо менен чектелбей, тымызын козуткучтарды, уюштуруучуларды, каржылоочуларды аныктап, жоопко тартуулары керек.

– Январь айында болуп өткөн митингдердин алгачкысында таза антикытайлык чакырыктар айтылса, 17-январда адамдардын саны арбып, өкмөткө каршы нааразычылыктар да кошулганы байкалды. Экс-президенттин, Өмүрбек Бабановдун, уйгур диаспорасынын тиешеси бардыгы, алар менен байланышы бар адамдардын атайын транспорт менен митингичилерди ташып келгендиги, акча таркатылып, тамак берилгени айтылды. Коопсуздук кызматы менен укук коргоо органдары бул боюнча эч нерсе айта албай, жеке жарандарды кармап, айып пул салып, камакка алып жатат. Митингдердин элге, бийликке болгон таасири, укук коргоо органдарынын иши тууралуу кандай ойдосуз?

– Бул митингдер буга чейинки митингдерден башы жоктугу менен айырмаланды. Мурда коомдук саясый уюмдар ачык чыгып, талаптарды тизмектеп, элди чакырып, маселени ортого коюп митингдер өтчү эмес беле. Бу сапар элди козутуу негизинен соцтармактар аркылуу жүргүзүлүп, кызыкдар тараптар ачык чыкпай, тымызын каржылап, тымызын башкарууга ынтызар болушту. Алар эмнеге жүзүн жашырышып, ачык чыгышкан жок. Себеби ойлору арам, сунуштары, темалары өтө кооптуу, максаттары тополоң болуп атса кайсы беттери менен чыгат?

Булар тымызын, “атайын акча төлөнгөн адамдардын тобун аянтка ташып келсек, аларга колу жолу боштор, жумушсуздар, оозун ачкан зевакалар, бийликке нааразы тараптардын тууган-туушкандары, тарапкерлери кошулуп адам көбөйсө, анан тополоң башталса ачыкка чыгып, каржылоону көбөйтүп, кошумча күчтөрдү тартабыз, болбосо жазга, күзгө, кийинки жылга, алдыдагы парламенттик шайлоого карата машыгуу болот”- дегендей план менен иш алып барышкандыгы байкалып турат.

Биринчи митингде көтөрүлгөн кытай темасынын соцтармактарды кенен талкууга алынганы, президент Сооронбай Жээнбеков да өзүнүн маалымат жыйынында Кытай темасы боюнча түшүндүрмө бергендиги, анүстүнө, митингге үндөгөн саясый күчтөрдүн ачык чыкпай элди жоопкерчиликти моюндабай турган ура патриоттор аркылуу козутулуп жатышы коомчулукту кабатырланткандан улам, Кытайга каршы үндөө, митингге чакыруу аракеттери митингге чейин эле негизинен сынга кабылып, көпчүлүк колдобосу байкалып калган.

Ошондон улам, экинчи митингде кытай темасы өөрчүп кете албай, башка, бийликке каршы нааразычылыктарды айтууга оошуп, ал тизмеде да жарытылуу аргументтер жок болгондуктан куру кыйкырыктардын денгээлинде, башаламан жыйын болуп, жоопкерчиликти алган башкаруучу уюм жоктугунан трибунадагылар өз ара кайым айтышып калышты. Берилген убакытта кандайдыр бир жыйынтыкка келе алышпай аягы провокация менен аяктап, аянтты укук коргоо органдарынын жардамы менен бошотууга мажбур болушту.

Бирок ушу митингдер аркылуу, менмче, коңшу Кытай менен мамилени бузуу кесепетин түшүндүк. Так ошол геосаясый аренадагы элибизге коогалаң алып келе турган арам ойлуулукту коомчулук жонтери менен сезип, чочулап, геосаясый чатак чыгуудан оңбой каларыбызды элибиз жүрөгү менен туйган өңдөндү. Ошондуктан экинчи митингде кытай темасы күн тартибинде биринчи маселе катары ролду ойногон жок. Мен ойлойм, мындан кийин деле бул кытай темасы кандайдыр бир нааразычылык акцияларда катализатордук ролду ойной албайт.

Ал эми укук коргоо органдары тууралуу … Эми элибизде “калк айтса калп айтпайт” деген кеп бар. Кырдаалды өзгөртүп, реванш алууну максат кылып жаткан экс-президенттин аракеттери жөнүндө айтпаган, укпаган адам калган жок. Коопсуздук кызматтары эле укпайт, көрбөйт… көчөдө кыйкырган чалакайым, эси ордунда эместерди камап, ошолор менен алек. Теледен “200 миң кытай, 60 миң кыргыз кыз кытайга эрге тийди, жээндер 100 миңдеп саналат, басып кетти” деп ачык эле сүйлөп элди козуткандарга эмне суроо беришпейт… кайдан алдыңыз бул санды (?), депчи. Статистика боюнча 60 эле кыз кетиптир го? Эмнеге эл укканды булар укпайт. Иштей алышпаса, элдин коопсуздугун камсыздай албаса, “чык эшике!” деш керек да эй.

– Сөз акырында. Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев Дубайга өргүүгө кеткендиги жарыяланды. Айрым саясатчылар “качты, келет, келбейт” дешсе башкалары “жакындары түрмөдө жатса эс алганы кеткени туура эмес” деген пикирлерди айтышууда, “келбей эле койсо жакшы болот эле, тынч жашайт элек” дегендер да бар. Сиз кандай дейсиз?

– Качтыбы?.. Келеби, келбейби (?), мен билбейм. Ал бат эле билинет, аны убакыт көрсөтөт. “Келбей эле койсо болот эле, тынчыраак…” дегендерге кошулса деле болот. Анан жанагы…

Ии, тиги Нариман Тулеевдин айтканы … Эми бул боюнча, камакта жаткан жакындары таарынсын, таарынышса. Аларга колунан келишинче жардам берейин деп, керек болсо тигинтип тополоң салганга чейин барам деп, митинг уюштуруп, аракеттенип жатпайбы…

Андыктан, эми алардын оозуна суу тамчылатып аткан сиделка, медсестра беле, менимче эс алууга барса эч нерсе эмес. Бул жерде барса да, барбаса да сындаса болот. Аларды такыр “кидать” этип таштап кетсе, ошо жаман…

Анда “поддельниктери” да Алмаз Шаршеновичти “сдавать” этип коррупцияга катыштыгын, алгандарын айтып салышат да. Тиги камактагы шакирттери да жөн жатпай, “куткарып албасаңыз, ала жатабыз!” деп турушкандыктан экс-президент аракеттенүүгө мажбур.

Айтор, бул жерде болсо, имитация кылып болсо да кыймылдоого мажбур. Анткени акыры бошото албаса өзү да жооп берип, “кусканга” туура келет да. Бул жагынан алганда ден-соолугун карап, чет жактан коргоо тапканы да, балким туурадыр?

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу