Жылдызбек Турганов, коомдук ишмер, “Раатбек Санатбаев” атындагы фондунун төрагасы: “Раатбек өлгөн жок, миңдеген Раатбектер жаралды”

— Жылда Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык турнирди өткөрүп келесиң. Бул соопкерчилик иш-чара менен жаштарды тарбиялоодогу жетишкендиктин жыйынтыгы кандай болуп жатат?

— Эң биринчи, аксакалдарыбыз айткандай Баатырыбыз өлгөн жок! Новатор акын агабыз, Алыкул Осмонов баса белгилегендей “15 жолу улам кайра туулуп, 15 жолу жашарбасам карап тур!”-демекчи, Раатбек баатырыбыз да, жылда жаркыраган жаздын
келиши менен кайра-кайра төрөлүп, өзү менен кошо миңдеген спорт чеберлерин
шыктандырып, жаштарды туу желбиреткен улуу жолго салып, жүздөгөн мекен намысын
коргогон чемпиондорду жаратып жатат. Андыктан Раатбек баатырыбыз өлгөн жок!
Биринчиден алтын тамгалар менен тарых бетинде жазылып калат. Ал эми руху-ар бир
спортсменге күч-кубат, жеңилбес дем берип, Жеңиштин желбиреген желегинде жана
бийик көтөрүлгөн Кыргыздын Туусу менен кошо жашай бермекчи!

— Демек жылда өткөрүлүп жаткан маараке (Эл-аралык турнирлердин) мааниси кийинки муундарга өтө терең экен да? Раатбектин багындырган бийиктиктери кийинки муундарга тарбия жана үлгү болуп жаткан турбайбы?

— Эң туура, баамдадың досум! Жылдан-жылга кыргыз эли баатырга суусап баратабыз. Кийинки муундарга үлгү боло турган баатырларыбыз кол санакка да толбой калды. Өкүнүчтүүсү ата-бабаларыбыз айткандай “-Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт!”-демекчи, учурда өлүк эмес тирүүнүн да баркы жок! Сөздү кастарлап,
баатырларды барктаган баалуулук жок. Өнүккөн өлкөлөр илим-билимдүүнү урматтап, эл багаар өндүрүшчүнү терең сыйлашканын билебиз. Ал эми Раатбек өңдүү баатырлар менен
келечек-муундарды тарбиялашкан. Тилекке каршы биз эми эсибизге келип жатабыз.
Учурдагы Президентибиздин демилгеси жана колдоосу менен мезгилдин бүктөмүндө
калып кеткен канчалаган баатырларыбыз кайра төрөлгөндөй жаңырып, жалпы эл
колдоосуна ээ болуп баратат.

— Чынында Раатбек Санатбаевди Кыргыз Эли аябай жакшы көрчүбүз. Спорт
тармагында жараткан ийгиликтери менен легендага айланып, кыргызстан үчүн дагы далай бийиктиктерди жаратаар учурда өмүрү кыйылды? Кимге ушунчалык кыянаттык кылды эле бул жигит?

— Жүрөктөгү жараны сыйрып жатасың досум! Раатбек өмүрү адам тургай
кумурскага кыянаттык кылбаган, жибектей созулган, беттешүүгө (рингке) чыкканда
арстанга айланган, чыныгы кыргыздын баатыры эле. Эстеген сайын адамгерчилиги көз
алдыма тартылып, көзүмдөн жаш чыгып кетет. Бакиевдин кандуу жылдарында, элдин
баары аны, (баш тартканына карабай) Олимпиада коммитетине жетекчи кылабыз-деп,
сүрөп киргенде, кан-ичкен жексурлар атып кетишпедиби. Арамдар Раатбекти аткан жок,
кыргыздын келечегин атып салышты. Көркоолор өз элинин өзөгүн өрттөп, ичтен чыккан
ийри жылан болушуп, жалпы элге кечирилгис чыккынчылык кылышты! Бирок биз үчүн
Баатырыбыз өлгөн жок! Ал ар-дайым биздин жүрөгүбүздө! Ар бир чемпиондун, спорт
чеберлеринин жана карапайым Элибиздин жүрөгүндө жашайт! Анын Руху ар-дайым биз
менен!

Арбагыңда ыраазы бол Раатбек!

Маектешкен: Самаган Орозалиев

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу