Бишкекте коомдук кеңештердин иши талкууланат

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 16-январдагы иш-чара премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтөт.

Жыйын «Коомдук кеңештер менен мамлекеттик органдардын мамлекеттик программалар менен саясатты жүзөгө ашыруудагы кызматташтыгы» деп аталат. Мындай иш-чара жыл сайын уюштурулуп турат.

Коомдук байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылыш үчүн түзүлгөн. Алардын курамын коомдук кеңештерди тандоо комиссиясы бекитет. Кеңешке ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, 15 адамдан ашпоого тийиш.

Жети жылдан бери жалпысынан 36 мекемеде коомдук кеңештер негизделген.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу